АӨК өнүмдөрүнүн экспорту

АӨК өнүмдөрүнүн экспорту

Казакстан агро-өнөр жай комплекс өнүмдөрүнүн экспортун жогорулатып келет. Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, чет өлкөлүк рынокто ун,  буудай, өсүмдүк майы, балык менен кондитердик товарларга суроо-талап жогору. Маалыматка ылайык 2019-жылдын башынан эле өлкөдөн 8 миң тоннага жакын эт сыртка чыгарылган. Анын 5 миң тоннасы ири кара мал этинин үлүшүндө. Дандуу өсүмдүктөр менен өсүмдүк түрлөрүнүн экспорту да өсүп жатат. Быйыл чет өлкө рыногуна ата мекендик талаа өнүмдөрүнүн 3 миң тоннасы жөнөтүлгөн.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Дан өсүмдүктөрүнүн негизги рыногу Иран, Ооганстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрү. Азыр Кытайга жөнөтүлгөн буудай көлөмүн көбөйтүү дагы жолго коюлган. Ошондой эле, буудай экспортунун жогорулашына үчтүн айында Казакстан Республикасы, Орусия Федерациясы жана Иран Ислам Республикасынын ортосунда жасалган үч жактуу келишим таасир бергени анык.

Тармактык ведомствода өткөн жылдын корутундусу да чыгарылды. Мисалы, былтыр Казакстан жалпы баасы 3 миллиард доллардан ашкан АӨК өнүмдөрүн экспорттогон. Өсүш 2017-жыл менен салыштырганда 26 пайызды түзүп жатат. Бул багытта жалпы айыл чарба экспорт көлөмүнүн 18 пайызы Алматы шаарына тиешелүү экенин белгилей кетүү керек. Сыртка чыгарыла турган иштетилген өнүмдүн алкагында кеңейтилип жатат. Бул багытта Костанай менен Түркистан аймактарынын чарбачыктары лидер катары саналат. Мал чарбачылыгына келе турган болсок, былтыр 33 миң тоннадан ашуун ата мекендик эт өнүмдөрү дүйнөнүн 11 өлкөсүнө ташылган.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Ири кара мал этинин экспорту былтыр Казакстан боюнча 19,9 миң тоннаны түздү. Бул багытта көч башында Түркистан облусу турат. Алар 5 миң тонна экспортоду. Актөбе менен Алматы аймактары 4 миң тоннадан чыгарды. Жалпы аймактар боюнча 20 казакстандык ишкана ири кара малдын этинин экспортунда жигердүүлүк көрсөтүп келе жатат. Эң маанилүү ушул ишканалар кооперацияга кошулган 19 миң чарбачылык тыкыр иштейт.

Фото: kazakh-zerno.kz