Казакстан менен Орусия кызматташтыгы

Казакстан менен Орусия кызматташтыгы

Казакстан менен Орусия өндүрүштүк кооперация тармагында биргеликте аракет кылуу программасын кабыл алды. Ал жерде азыркы жана жаңы компаниялардын эки жактуу  долбоорлорду ишке ашыруу караштырылган. Ушул программанын аркасында өлкөдө айыл чарба, жүк жана жеңил автотехника, заводдору салынат, аны менен катар Казакстан орусиялык компаниялардын катышуусу менен автокомпоненттер жана себилдегич бөлүмдөрдүн өндүрүшүн жолго сала алат.

РОМАН СКЛЯР, ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Бүгүн Орусия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги менен кол койгон биргелешкен иш-аракеттер программасында негизинен машина куруу тармагында өнөр жайлык кооперацияны өнүктүрүү караштырылган. Казакстандын аймагында чыгарыла турган техникалык буюмдардын өнүмдөрүн жайгаштыруу боюнча жигердүү жумуштарды жүргүзүү керек экендигин билебиз. Ошондуктан орусиялык өнөктөштөрү, өлкөбүздүн кээ бир компаниялары менен бирге себилдегич бөлүмдөрдү жеткирүү тууралуу чечим кабыл алды.

Биргеликте ишке ашырылган долбоорлор эки өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө алгылыктуу салым кошот. Серепчилердин айтымында, кол коюлган Жол картасы ачык жана алдыдагы убакытта өнөр жайлык кооперацияга кошулууга кызыктар болгон башка ар түрдүү компаниялар менен толуктай турган болот. Үстүбүздөгү жылы Костанай, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында бир катар долбоорлор ишке кошулат.

Фото: appgrooves.com