42 миллиард теңгеден ашуун каражат мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жумшалат

42 миллиард теңгеден ашуун каражат мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жумшалат

42 миллиарддан ашуун теңге. Дал ушундай каржы быйылкы жылы «Сыбага» мамлекеттик программасы боюнча асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат. Бул ата мекендик фермерлерге ири кара мал өстүрүүгө жана республиканы эт экспортоочу өлкөлөрдүн мыкты бештигине кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Жалпылап алганда фермерлерди түз насыялоого 25 миллиард теңгеден ашуун каржы бөлүү көздөлгөн. Белгилей кетсек, 2018-жылы программанын алкагында насыя берү механизми өзгөрдү. Ушуга ылайык бүгүнкү күндө ири кара малды 15 жылга чейин жылына 4 пайыз менен сатып алууга болот. Мурда пайыздык чен 14 пайызды түзсө, эми 10 пайыздык айырмачылык мамлекет тарабынан субсидияланат. Белгилей кетсек, былтыр «Сыбага» программасы менен 15 миллион теңге насыя берилип дыйкандар 55 миң баш мал сатып алган. Ал эми, бул асыл тукум ири кара мал Казакстанга Канада жана АКШдан алынып келинген. Бул зеңги баба төлүн өстүрүү максатында мерчемделип жатат. Мал башы жасалма уруктандыруу жолу менен көбөйтүлөт.

БОЛАТ АСЫЛХАНОВ, МАЛДАРДЫ АСЫЛДАНДЫРУУ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТТИН АТКАРУУЧУ:

- Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө уй жаныбарлардын сүт жана аралаш уй жаныбарлар тукумдарына суроо-талап жогору. Бирок биз өлкөнү жарым жартылай гана камсыздап жатабыз. Толук камсыздоо үчүн ири кара малдын башы жетишсиз. 

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, программа асыл тукум мал генофонун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Анын алкагында ушул убакытка чейин өлкө аймактарында 150 репродуктор курулганын белгилей кетүү керек.

ЕРКЕБУЛАН АХМЕТОВ, КР АЧМ МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ӨНҮМДӨРҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Сырттан алынып келинген мал эсебинен чарбачылыктарындагы ири кара малдын башын көбөйтүү башкы максатыбыз болду. Анткени өлкө ичинде фермерлердин бири-бирине сатыла турган малдын эсебинен анын саны өспөйт. Эми «Сыбага» программасынын алкагында 10-50 баш мал өстүрө турган үй-бүлөлүк жана 100 баш ири кара малды баккан фермерлердин чарбачылыктарын түзүү көздөлгөн.

2019 -жылы Казакстанга 65 миң баш ири кара мал жеткирүү мерчемделип жатат. Бүгүнкү күндө 43 миң башты сатып алууга 112 өтүнмө келип түштү, анын 60тан ашууну каржыланат. Жалпылап алганда, республикада 10 жылга негизделип, жаңыртылган «Сыбага» мамлекеттик программасынын алкагында асыл тукум зеңги баба төлүнүн саны 8 миллионго чейин өсүшү керек.  

Фото: ©RyanMcGuire / pixabay.com