Экспортко багытталган эки завод ачылат

Экспортко багытталган эки завод ачылат

«Хоргос – Чыгыш Дарбазасы» атайын экономикалык аймагында жакында 12 жаңы ишкана ачылат. Өзгөчө шарттарды караштыра турган аймак – Казакстандагы ири экономикалык долбоорлордун бири. Ал логистикалык жана индустриялык аймактан турат. Аны менен катар, азыр «Кургак порт» унаа- логистикалык комплекси иштеп жатат. Ал жерде үч жылда контейнерлерди иштетүү көлөмү 18 эсеге өскөн.

АСКАР ЕШЕНХАНОВ, «ХОРГОС – ЧЫГЫШ ДАРБАЗАСЫ» АЭА БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАРАСЫ:

- Азыр атайын экономикалык аймакта 12 ишкананын курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул айыл чарба өнүмдөрүн иштетип, консерваланган тамак түрлөрүн джем, кыям чыгара турган компаниялар тобу. Дагы бирөөлөрү эки долбоорду колго алып жатат, тагыраак айтканда, биринчиси – бетон чыгара турган заводдун курулушу. Ал эми, экинчи долбоор – бул атайын экономикалык аймактын резерв аймагында салына турган технопарк.

Аны менен катар, «Хоргос – Чыгыш Дарбазасы» атайын экономикалык аймагында экспорттук мүмкүнчүлүгү жогору дагы да бир долбоор ишке ашырылат. Жакында кошмо жем заводу пайдаланууга берилди. Азыркы тапта экинчи ишкананын курулушу аякталышына жакын. Ал жерде жылына 60 миң тонна дандуу өсүмдүктөр иштетилет.

ИГОРЬ ГАБИДУЛЛИН, КОМПАНИЯНЫН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Бул жерде жарым рационду кошмо жемдин бардык түрү чыгат. Ошондуктан Алматы облусу Панфилов районунун суроо-талабын толук канаттандырат деп айта алам. Аны менен бирге, Кытай менен чек аралык соода-сатык алкагында өнүмдүн 40 пайызы экспортко багытталат.

Белгилей кетсек, келечекте «Хоргос – Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык аймагында 80ге жакын ишкана ишке кошулат. Алдыдагы убакытта бул жерде бир катар жеңил өнөр жай объектери иштей баштайт. 2023-жылга чейин жалпы баасы 485 миллиард теңгени түзгөн 13 долбоор ишке ашырылат.

Фото: industry.gov.kz