Токой жана жыгач иштетүү кластери

Токой жана жыгач иштетүү кластери

Түндүк Казакстан облусунда 2020-жылга чейин токой жана жыгач иштетүүнүн коммерциялык жана экологиялык кластери түзүлөт. Бул мерчемди мезгил-мезгил менен ишке ашыруу көздөлгөн. Маанилүү  ишке жергиликтүү ишкерлер жигердүү катышууга шыктанып жатышат.

Ушундай заманбап комплексте жыгач саналуу мүнөттөрдүн ичинде кесилип даярдалат. Бир нөөмөттө бир жумушчу аталган орнотмо менен 140 куб метр жыгач даярдайт. Мурда ушундай ишти 5 бригада аткарчу. Ал эми, техниканын тилин табуу үчүн адис Беларустан атайын окуп келген.

ЕВГЕНИЙ РЯБЧЕНЮК, МЕХАНИЗАТОР:

- Бул жерде керектүү нерсенин бардыгы орнотулган. Жыгач кесүүнүн каалаган түрүн аткарат. Өзүңө керектүү көлөмдү компьютер аркылуу билгилесең болду. Абдан ыңгайлуу. Ызгардуу суукта да, ысык күндөрү да иштей берем. Техника саз-баткак, карга карабайт. Өтүмдүүлүгү жогору.

Жергликтү ишкер Сермухамет Ахмутдинов инновациялык шайманды 338 миллион теңгеге сатып алган. Ага былтыр илимий фондон кайтарымсыз берилген каржы жардам болгон. Бул комплекстер жумуш күчүн жеңилдетүүгө себеп болду. Ал талаадагы иргелген сөңгөктөрдү дароо жүктөп, цехке жеткирет.

Бул жерде жыгач өнүмүнүн 50гө жакын түрү даярдалат. Белгилей кетсек, бул – калдыксыз ишкана. Керек болсо, чамындыларды да керекке жаратып, алардан пеллет жасайт. Ал эми анын табы көмүрдөн жогору болбосо, төмөн эмес. Экологияга да зыяны жок. Бул желде ийне жалбырактуу жыгачтар үчүн күнөсканалар салынат.

СЕРМУХАМЕТ АХМУТДИНОВ, ИШКЕР:

- Бак тамыр системасы менен өстүрүлүп, андан кийин кесилген кайыңдын ордуна отургузулат. Башкача айтканда, бардык цикл ушул жерде жүргүзүлөт. Алдыдагы убакытта көмүр заводун салуу мерчемде бар. Бүгүнкү күнү анын пайдубалы куюлуп, түзүлүштүн дубалдары салынган. Менин оюм боюнча, кулжа айында биз кайың жыгачынан көмүрдүн биринчи партиясын алабыз. Азыркы тапта келишимдер жасалган.

Ишкер завод өнүмү менен биринчи кезекте ата мекендик, кийин чет өлкө рыногун камсыз кылууну максат кылып жатат.

Фото: biatecgroup.com