Казакстан-Грузия: электроавтобустарын кураштыруу өндүрүшү

Казакстан-Грузия: электроавтобустарын кураштыруу өндүрүшү

Казакстан менен Грузиянын кызматташтыгынын чек арасы кеңейет. Машина куроо тармагы өнөктөштүктүн жаңы багыты болот. Казакстандык ишкерлер Грузияда электроавтобустарын кураштыра турган завод салууну мерчемдеп жатат. Биргелешкен долбоордун мааниси жогору. Себеби Грузия азыркы тапта экологиялык таза унаа куралдарын өнүктүрүүгө маани берүүдө.  Казакстандык инвесторлор ишкана курулушуна миллиондогон доллар каржы салууга даяр.

ДАВИД ЧИЧИНАДЗЕ, ГРУЗИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Бүгүнкү күндө казакстандык тарап долбоорго 10  миллион доллар каржы салууга даяр. Бирок Грузия жыл сайын аз дегенде 100 автобус сатып алуусу керек. Менин оюм боюнча, өлкөдөгү ушул унаа түрүнө муктажтыкты эске алсак, бул абдан көп эмес.  Долбоордун келечеги да жаркын. Себеби казакстандык тарап 2 жылдан кийин өндүрүш очогун башкарууну Грузияга берүүгө даяр.

Грузия серепчилери электроавтобустарын кураштыруу долбоорунун эки жакка тең эффективдү экенин айтат.

ВАХТАНГ ЧАРАЯ, ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Азыркы тапта Грузия электроавтобустарды чет өлкөлөрдөн сатып алууда. Ошондуктан анын баасы маанилүү. Бул Грузия үчүн эффективдүү деп ойлоймун. Мындан улам автобустун баасы менен сапатына терең маани берилет.

Тбилиси мэриясы алдыдагы бир нече жылда табигый газ жана энергия менен жүрө турган 700дөн ашуун автобус сатып алууну мерчемдеп жатат.

ДАВИД ЧИЧИНАДЗЕ, ГРУЗИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан элчилигинин колдоосу менен эки өлкө ортосундагы соода мамилеси жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат. Аны менен бирге, колго алынган жаңы сунуштар да экономикалык байланыштын кеңейүүсүнө таасир берери анык.

Грузиянын Казакстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2018- жылы 150 миллион долларга жакындады. Казакстан Грузияга мунай өнүмдөрүн, жер семирткичтер, металдар, азык-түлүк өнүмдөрүн, дары-дармектерди экспортко чыгарат.

Фото: giro.ca