Эт экпорту өсөт

Эт экпорту өсөт

Үстүбүздөгү жылы Жамбыл облусунда 8 миң баш ири кара малга арналган бордоп семиртүү аянтынын курулушун аяктоо көздөлгөн. Баасы 1 миллиард теңгени түзгөн долбоор Кордай районунда жайгашат. Бүгүнкү күндө курулуш жумуштарынын 70 пайызы аяктады. Жалпы бордоп байлоо аянтынын алгачкы кезеңи 4 жыл мурда ишке кошулган. Өткөн жылы Кыргызстанга 200 тонна эт соодаланган. Эми Өзбекстан, Кытай, Иран мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БЕРИК АДИЛХАНОВ, КОРДАЙ РАЙОНУНУН АЙЫЛ ЧАРБА БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- 450 тоннадан ашуун уй эти менен кой этин экспорттоо мерчемделип жатат. Былтыркы жылы бизде жалпы өткөрүлгөн көлөмү 370 тоннадан ашты. Коңшу Кыргызстан өлкөсүнө, Меркидеги эт заводуна өткөрүлгөн.

Жалпы аймагында сыйымдуулугу үч миң баштан ашкан 7 ири  байлоо аянты иштеп жатат. Өткөн жылы экспортко миң тонна эт чыгарылды. Быйыл бул көрсөткүчтү 1500 тоннага жеткирүү мерчемделген.

Ал эми, Алматы облусунун Жамабыл району быйыл 500 тонна уй этин чет өлкөгө экспортко чыгарууну көздөп жатат. Бүгүнкү күндө райондо 3 миң башка чейин ири кара мал кармап жаткан 5 мал бордоп байлоо аянты иштеп жатат. 2017-жылдан бери эт өндүрүшү менен алектенип жүргөн Аскар Райкулов башында 1500 баш ири кара мал семиртилсе, былтыр 3 миң баш буканы этке өткөргөн.

АСКАР РАЙКУЛОВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН МҮДҮРҮ:

- 2018-жылы биз 262 тонна этти өзүбүздүн ички рынокко тапшырдык. 50 тонна этти Кыргызстанга өткөрдүк. 2019-жыл жаңыдан башталды. Биздин мерчем боюнча көрсөткүчтү 500 тоннага чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз. Анын 150 тоннасын экспортко тапшырабыз деген мерчемибиз бар.

Жамбыл районундагы фермерлер жыл аягына чейин 500 тонна этти чет өлкөгө экспорттошу керек. Азыр райондо эт иштете турган  заманбап комбинат салынып жатат. Анын курулушу аякталса, экспорттоло турган эттин көлөмү өсөт, - дешет адистер.

Фото: phys.org