Парламент аралык кызматташтык

Парламент аралык кызматташтык

Казакстандык депутаттар Жапониядагы кесиптештери менен ядролук куралды таратпоо, космосту  өздөштүрүү, маданият жана спорт тармактарындагы өз ара кызматташтыкты талкууга салышты. Мажлистин вице-спикери Гүлмира Исимбаева Жапония парламентинин эки палатасынын төрагалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аны менен бирге, сапардын алкагында казакстандык депутаттар Жапония парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Тадамори Ошиа менен да кездешти.

ГҮЛМИРА ИСИМБАЕВА, КР ПАРЛАМЕНТИНИН МАЖЛИСИНИН ВИЦЕ-СПИКЕРИ:

- Эки өлкөнүн башчылары акыркы 5 жылда 7 кездешүү өткөрдү. Ушундай жигердүү байланыштарыбыз парламенттик жана өкмөттүк деңгээлде улана бериши керек. Бизди айыл чарба менен энергетикада өз ара кызматташуу, ошондой эле, албетте, жогору технологиялар менен маалыматтык-байланыш тармактарындагы Жапония тажрыйбасы кызыктырып жатат.

Жапониянын мыйзам чыгаруучу органында Казакстан менен Парламенттик достук лигасы 25 жыл бою эмгек кылып келет. Бул эки өлкөнүн депутаттарына эффективдүү диалог жүргүзүп, так натыйжаларга жетишүүгө жол ачып жатат.

ЯСУКО КОМИЯМА, ЖАПОНИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ӨКҮЛДӨР  ПАЛАТАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Парламент аралык жолугушуулар өлкөлөрдүн арасындагы мамилелердин өнүгүсүнө таасири сөзсүз тиет. Депутаттарыбыздын арасында байланыштар бекемдегени маанилүү. Аяк оона айында Казакстанндын башкы шаары менен Токионун ортосундагы түз аба каттамы орнойт. Жолго кете турган убакыт 11 сааттан 5 саатка чейин кыскарат. Бул да сүйлөшүүлөрдү тез-тез өткөрүүгө таасир берет.

КЕНТА ИДЗУМИ, ЖАПОНИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ӨКҮЛДӨР  ПАЛАТАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Казакстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтык, анын ичинде парламент аралык байланыштар да, жигердүү түрдө өнүгүсүнө ишенем. Казакстан менен Жапониянын укмуштуудай маданияты бар жана биз эки өлкөнүн жаш урпагынын ортосундагы өз ара байланышты күчөтүүгө кызыктарбыз.

Мыйзам чыгаруучу органдардын диалогу эки жактуу түрдө гана эмес, кеңири форматта да уланат. Быйыл аяк оона айында дүйнөдөгү эң ири континент – Евразия парламенттеринин спикерлери Казакстандын башкы шаарында өтө турган 4-кеңешке катышат.

Фото: mod.gov.kz