Улуттук экспортту колдоо

Улуттук экспортту колдоо

Улуттук экспортту колдоо аракеттери күчөтүлөт. Ушул багытта экспорттук – импорттук операциялар боюнча «бирдиктүү терезе» порталынын пайдасы  көп болот. Анын жардамы менен тышкы экономикалык кызматка катышуучулар товарлардын тиешелүү сертификаттарын тариздей алышат. Муну менен кошо электрондук уруксат документтерин, лицензияларды ала алышат. Бардык аныктамалар да ушул системага чогултулган. Тышкы экономикалык кызматка катышуучулар порталга катталгандан кийин, алардын жеке кабинети ачылат. Ал жерде катышуучунун соода-сатыкка байланыштуу бардык документтери көрсөтүлөт. Кошумча документтерди жол-жоболоштуруу да ошол портал аркылуу ишке ашырыла турган болоот.

РУСЛАН ЕҢСЕБАЕВ, КР КАРЖЫ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

Мамлекеттик органдардын системаларын интеграциялоо аркылуу биз алардын арасындагы маалымат алмашууну камсыз кылабыз. Бул кагаз бюрократизминен арылтат. «Бирдиктүү терезе» порталы тышкы экономикалык кызматты көзөмөлдөө, тариздөө жана айкалыштыруу боюнча эффективдүү. 

Ушул багытта Кытайга буудай экспорттоо менен алектенген компаниялардын саны көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Казакстандагы 105 элеватор Кытай өлкөсүнө буудай жеткирүүгө укугу бар ишканалардын тизмесине кирди. Мурда буудайды чыгыш коңшусуна сатып келген Түндүк Казакстан, Костанай жана Акмола облустарынын катарына Павлодар кошулду. Демек, ата мекендик алтын данды көп санда соодалоого жол ачылып жатат. 

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биз дагы эки облустун бекитилерин күтүп жатабыз. Бул Актөбө менен Чыгыш Казакстан облустары. Башкача айтканда, Казакстандын дан өстүрө турган бардык аймактары өз өнүмдөрүн Кытайга экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат.

ПЕРЕКРЫТЬ АРХИВОМ ПАСЕКИ, ПЧЕЛОВОДЫ

Казакстандык бал челекчилери да бал экспортун  жогорулатууга даярданып жатышат. Өнүм өндүрүүчүлөр аны Кытай менен Бириккен Араб Эмираттарына масштабдуу өлчөмдө өткөрүүгө кызыктар. Келечекте чет өлкө рыногун өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн, быйыл Чыгыш Казакстанда ветеринарлык лаборатория ачылат жеп мерчемделүүдө. Ал жерде текшерүүдөн өткөн бал эч бир кошумча сертификатсыз, башка өлкөгө өткөрүлөт.

ВЛАДИСЛАВ ВОЛКОВ, БАЛ ЧЕЛЕКЧИ:

-Евразиялык экномикалык биримдиктин базасында орток сайт ачуу тууралуу келишимге келдик. Ушундай шарттарда батыш жана түндүк аймактардагы өнөктөштөр бири-бири менен жигердүү тажрыйба алмашса деген ойдобуз.

Жалпы, Казакстанда жыл сайын 15 миң тонна бал жыйналат. Анын тең жарымы гана чет өлкөгө чыгарылууда.

Фото: kapital.kz