Казакстандык унаа өнөр жайын өнүктүрүү

Казакстандык унаа өнөр жайын өнүктүрүү

Казакстандык авто унаа жигердүү өнүгүү мезгилине түштү. Акыркы жылдары тармактын үлүшү алгылыктуу өскөнүн серепчилер белгилеп жатышат. Бүгүнкү күндө өлкөдө сатылган ар бир экинчи автоунаа ата мекендик  конвейерден чыккан төл өнүм. Үстүбүздөгү жылы да бул жигердүүлүк сакталат деген божомол бар. Өндүрүш көлөмү эки эсеге өсүп, 60 миңге жетет. Казакстанда кураштырылган темир тулпарларга тышкы мамлекеттерде да суроо-талап жогору.

АНАР МАКАШЕВА, КАЗАКСТАНДЫК АВТОБИЗНЕС АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- 2018-жылы машина куроо тармагындагы өсүш 19,2  пайызды түзгөн. Ушундай шарттарда, экономиканын өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчүнүн бирине айланды. Ата мекендик өндүрүүчүлөр ушул багытты бекем карманышат. 2018-жылы Беларусия, Тажикстан өлкөлөрүнө казакстандык авто унаа куралдары жеткирилген.

Ата мекендик авто унаа рыногуна талдоо жана анын өнүгүү багыты менен божомолдору Нур-Султанда өткөн эл аралык авто унаа форуму менен авто көргөзмөдө талкууланды. Аталган иш-чараларга Казакстандан башка, Орусия Федерациясы, Кытай, Индия, Европа өлкөлөрү жана Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы саны 130дан ашуун авто унаа өндүрүүчү  компания катышты.

ОЛЕГ МОСЕЕВ, «РОССИЙСКИЕ АВТОМОБИЛЬНЫЕ ДИЛЛЕРЫ» АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

Азыр Казакстанда өндүрүлгөн авто унаалардын Орусияга жеткирүүлөрүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүлөр жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта 30 миң темир тулпар сатып алуу караштырылууда. Жалпы, сиздердеги рынок жаңыдан өсүп келе жатат, дагы да масштабы кеңейет.

МИХАЭЛЬ ЙОХАННЕС, КӨРГӨЗМӨ КОМПАНИЯСЫНЫН УНАА ЖАНА ЛОГИСТИКА БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Авто унааны саткандан кийинки кызмат рыногу Борбор Азияда жакшы өнүгүп келе жатат жана Казакстан биринчи орунда. Форум менен көргөзмөнү өткөрүү үчүн сиздердин борборуңуздарды жөн жерден тандаган жокпуз. Анткени инфраструктура жакшы жана «Бир кур, бир жол» долбоорунун маанилүү жолтоому.

Рефрижераторлор, жүк унаалары , таштанды ташый турган унаалар, кар жыйнагычтар. Мунун бары – коммерциялык техника кураштыру менен алектене турган казакстандык компаниянын төл өнүмдөрү. Завод Костанайда жайгашкан. Рынокко чыкканына быйыл 7 жыл гана толсо да, өндүрүш көлөмү менен экспорт масштабы өсүп жатат.

АЛЕКСЕЙ ЛЕВАШКИН, АВТО УНАА ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ/ КАЗАКСТАН:

- Биздин техника Орусияга, Тажикстанга көп жөнөтүлөт. Башка өлкөлөрдүн рыногуна да чыгуу максатыбыз бар. Экспорт көлөмүн акырындык менен жогорулатууну колго алдык. Мамлкеттин колдоосу аркылуу Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия менен кызматташтык байланыштарды орноттук. Ар түрдүү жолугушуулар менен көргөзмөлөргө туруктуу түрдө катышып, өнүмдөрүбүздү тааныштырып келебиз.

Серепчилер казакстандык авто унаа өнөр жайын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар жасалганын белгилеп жатат. Инвестиция менен мамлекеттик колдоо аракеттери өндүрүш масштабын жогорулатып, өткөрүү рыногун кеңейтүүгө жол ачып жатат. Эң башкысы – жетишкендиктер менен чектелбей, сатып алуучулар үчүн жаңы сунуштар даярдалат.

Фото: astanatimes.com