Жашыл долбоорлорго инвестиция бар

Жашыл долбоорлорго инвестиция бар

Казакстандын жашыл долбоорлоруна чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан кызыгуу жогору. Республиканын кайра жанма энергетикасына Испан бизнесмендери каржы салууга кызыктар. Алардын бул тармактагы тажрыйбасы жетиштүү. Алар жергиликтүү иштелмелерге инвестиция багыттоо менен чектелбейт, өздөрүнүн жаңы технологиялары менен да бөлүшүүгө даяр. Мадридде казакстандык делегация Испаниянын экспортточулар клубуна мүчө 30га жакын мыкты компаниянын өкүлдөрү менен кездешип, сүйлөшүлөрдү жүргүздү. Жыйналган коомчулукка инвестиция салуунун шарттарын, Казакстандагы аукцион системасы түшүндүрүлдү. Аны менен катар, республиканын 2050-жылга чейин электр системасынын 50 пайызын альтернативалык булактардан алуу тууралуу чоң максат коюлуп жатканын да айтты. 

АЙНУР СОСПАНОВА, КР ЭМ АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Аукционго катышып, жеңишке жеткен инвесторлор 15 жылдык келишге кол коюшат. Иш кагаздар аларга инвестицияны кайра кайтарып аларына кепилдик берет. Бул – эң мыкты эл аралык тажрыйба. Азыркы тапта Казакстан рыногуна кирген Испания компаниялары жок.  Бүгүнкү күндө Европалык компаниялар тизмесинде француз бизнеси, британдык бизнес өкүлдөрү бар. Алардын катарын Испания ишкерлери да толуктоого кызыктар.

АНТОНИО БОНЕТ, ИСПАНИЯ ЭКПОРТТООЧУЛАР ЖАНА ИНВЕСТОРЛОР КЛУБУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан Борбор Азиядагы эң чоң рынок, ага кошо, чет өлкөлүк бизнес үчүн мол мүмкүнчүлүктөрдү жасап жаткан мамлекет. Ошондуктан Казакстан биздин өлкөнүн инвесторлоруна жакшы аянт деп айтар элем. Ошентсе да, ишкерлердин көбү бул рыноктон кабарсыз. Ошондуктан ушундай тааныштыруу жолугушууларды байма-бай өткөрүлүшү керек. Бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, маанилүү маалыматтар менен бөлүшүү ар дайым пайдалуу.

Казакстанда ЕХРО базасында жашыл технологиялар менен инвестициялык долбоорлордун эл аралык борбору түзүлүп, кызмат аткарат. Серепчилердин пикиринде, бул мекеме өлкөдө альтернативалык энергетиканы өнүктүрүүгө түрткү болуп, өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсүнүн чыныгы драйверине айлана алат.

МАРАТ МУХАМЕТСАЛИЕВ, ЭЛ АРАЛЫК ЖАШЫЛ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР БОРБОРУНУН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ:

- Өнөр жайлык ишканалардын «жашыл» талаптарга ылайык келген өнүмдөрдү чыгаруусун көзөмөлдөйбүз. Аны менен катар калдыктар да ошол талапка ылайык келүүсү керек. Анын бардыгын текшерип, изилдеп, талдап, ишке ашыруу маселелерин караштырабыз.

Жалпы, Казакстандын жашыл энергетикасына салынган инвестициялар эки жарым эсеге өскөн. Өткөн жылы тармакты өнүктүрүүгө 80 миллиард теңге каржы багытталган. Инвестициялардын эң ири көлөмү Акмола, Жамбыл жана Атырау облустарында катталган.

Фото: azernews.az