Казакстандын уй этине суроо-талап жогору

Казакстандын уй этине суроо-талап жогору

Казакстандын уй эттери Ирандын текчелерине жетти. Бул эки өлкөнүн ортсундагы биринчи ири келишим. Буга чейин Казакстандан бул өлкөгө эттер чакан көлөмдөрдө жеткирилип келген. Алдыдагы 5 айда Иран казакстандык эт комбинатынан 500 тонна уй этин кабыл алуууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, мындан 3 жыл мурун Казакстан менен Ирандын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Келишимдин алкагында Казакстан Иранга дан, күрүч, буурчак өсүмдүктөрүн экспортоо менен алектенет.

АЛИ ШАФАХ, ЭТ ИМПОРТЕРИ:

- Ушул убакытка чейин биз кой этин гана импорттоп келгенбиз. Мурда этти Бразилия, Австралия жана КМШга кирген бир нече өлкөдөн сатып алып келдик. Бул экономикалык жактан пайдалуу деп айта албаймын. Казакстан менен ушул багыттагы жумушубуздун ийгиликтүү болот деп ойлоймун. Биз 40-70 тонна жүктөлгөн аба каттамдарын кабыл алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал салмагы 7-8 килограмм вакуум каптамаларда болушу шарт. Мындай эт өлкөдө жогорку суроо-талапка ээ.

Ирандын керектөөчүлөрүнүн айтымында, жашоочулар Казакстандан келген эттин сапатына абдан ыраазы. Ошондой эле, Иранда Казакстандан келген эт – эки негизги эреже боюнча баалуу. Биринчиден адал, экинчи жагынан генетикалык күчөтүлгөн өнүмдөрдүн кошмосу жок.

МЕХДИ ЗАХЕДИАВАЛ, ИРАН СООДА ПАЛАТАСЫНЫН  МҮЧӨСҮ:

- Казакстанда мал ислам эрежелерине ылайык союлат. Аны менен катар, Иранда эт керектөө өлчөмү жыл мезгилине жана Нооруз менен Рамазан айына, майрамдарга байланышту. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Иран өлкөсүндө эттин баасы алда канча кымбат болгондуктан, казакстандык өнүмдүн жардамы аркылуу рыноктогу баага орундашуусу мүмкүн деп ишенебиз. 

Тарапташтар эт менен бирге мал башын тирүү жеткирүү тууралуу келишмге кол коюшту. Ал эми анын экспорту кайсы мезгилде башталары жакынкы арада белгилүү болот.

Фото: wabeef.org