Казакстан -Жапония кызматташтыгы

Казакстан -Жапония кызматташтыгы

Жапония Казакстандын башкы стратегиялык шериктештеринин бири. Бүгүнкү  күндө өлкөлөр ортосундагы кызматташтык бардык багыттар боюнча жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат. Белгилей кетсек, өткөн жыл эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 2 миллиард долларды түзгөн. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 54 пайызга жогору.

КЭЙ КАРАСАВА, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Жапониялыктар үчүн Казакстан мунай, табигый газ сыяктуу өзүнүн бай ресурстары менен, баалуу балыктары жана кенен жери менен белгилүү. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Казакстан Европа менен Азияны байланыштырып турат. Бул эки өлкөнүн  экономикалык мамилесин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган уникалдуу артыкчылык. Ошондуктан Казактсанга инвестиция салам деген компаниялар көбөйөт деп ишенем.

Белгилей кетсек, Жапония Казакстандагы биринчи он жигердүү инвесторлордун катарына кирет. Негизги инвестициялык тармактар – энергетика, сейрек металлдар жана өнөр жай. Алдыдагы 3 жылда Жапония өлкөсү Казакстан экономикасына бир миллиард доллар инвестиция салат деп мерчемделип жатат. Аны менен катар, бүгүнкү күндө Казакстанда 70тен ашуун биргелешкен ишкана ишейт.

МИЦУАКИ АРИТО, MARUBENI БИРИМДИГИНИН КМШ ЖАНА ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮ БОЮНЧА БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Биринчи Президент Назарбаевдин аракети менен Казакстанда инвестициялык климат жакшырды. Алдыдагы убакытта өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнү көздөп жатабыз. Жакында президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев Назарбаевдин белгилеген багыты боюнча жаңы Казакстанды курат деп ойлоймун.

 

ТАКЭО КАВАМУРА, ЖАПОНИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ЖАМААТТАР ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

-Борбор Азиянын лидери катары саналган Казакстан республикасы келечекте жигердүү өнүгүшүнө ишенимим жогору. Биз достук менен ишенимге негизделген карым-катнашыбызды мындан ары улантабыз. Алдыдагы убакытта жапондук Достук Лигасынын мүчөлөрү менен Казакстан менен бирге көбөйткүбүз келет. Бул жапон парламентчилеринин Казакстанга, ошондой эле Казакстан Парламентинин мүчөлөрүнө Жапонияга сапарларынын жигердүүлүгүн артыруу үчүн негиз болот. Аны менен катар, биз парламент аралык байланыштарды жыл сайын өткөрүүгө даярбыз.

Саясатчылар, бизнесмендер жана Жапония академиялык топтордун өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө келишишти. 27 жыл ичинде дипломатиялык карым-катнаштын пайдубалы бекемделди. Демек, алдыдагы  убакытта өз ара эффективдүү долбоорлор ишке ашырылат.

Фото: mfa.kz