Казакстан-Испания: экономикалык өнөктөштүк

Казакстан-Испания: экономикалык өнөктөштүк

Казакстан менен Испания ич ара кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейте берүүгө кызыктар. Эки мамлекет айыл чарба, альтернативалык энергетика, унаа куруу, химия өндүрүшү тармактарындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө тыкыр көңүл бөлүүнү көздөп жатат. Аны менен катар, тарапташтар казакстандык жеңил өнөр жайды калыпташтырууда биргеликте аракет кылышат.

ЕРМЕК КӨШЕРБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз инвестиция тартуу боюнча келечектүү өлкөлөрдү аныктадык. Испания ошол өлкөлөрдүн катарына кирет. Азыркы кезде Казакстанда машина жасап, химия, инженердик – коммуникациялык технологиялар тармактарында иштеп жаткан испаниялык компаниялар бар. Бирок өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү толук колдонулбай жатат. Мисалы, Испанияда кийим өндүрүшү менен алектене турган дүйнөлүк деңээлдеги ишканалар абдан көп. Испаниялык кесиптештер менен биргелишип, өзүбүздүн чийки зат менен жаңы технологияларды пайдаланып ошондой компанияларды өзүбүздө да курууга болот.

Бүгүнкү күндө испан бизнесмендери өлкөдө өз иштерин ийгиликтүү жана системалуу түрдө жүргүзүп келет. Казакстандык рынокко талпынган ишкерлердин катары калың. Алар өлкөдөгү экономикалык туруктуулук менен бизнесмендерге жасалган жеңилдиктерге кызыктар.

ШИАНА МЕНДЕС, ИСПАНИЯНЫН СООДА БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ:

- Форум эки жактуу байланышты бекемдөөгө багытталган. Кызматташтыкты мындан ары өнүктүрө турган тармактар арбын. Ошондуктан ушундай иш-чараларды колдойбуз. Жолугушууда Казакстандын соода- инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанып билип, келечектеги  өнөктөштүгүбүздү талкууладык.

КОНСТАНТИН ЖИГАЛОВ, КАЗАКСТАНДЫН ИСПАНИЯДАГЫ ЭЛИЧИСИ:

- Казакстанда дүйнөлүк белгилүү компаниялар иштейт. Тагыраак айта турган болсок, азыр өлкөбүздө испаниялык капиталдын катышуусу менен иштеген 61 компания бар, алардын көбү Казакстанда өз кеңселерин ачкан.

Казакстан менен Испания байланыштын чек арасын кеңейтүүнү максат кылат. Азыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүсү 2 миллиард евродан ашты. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 30 пайызга көп.

Фото: e-history.kz