Кызматташтыктын чек арасы кеңейүүдө

Кызматташтыктын чек арасы кеңейүүдө

Казакстан чыгыш коңшусу менен унаалык-логистикалык тармактагы байланышын бекемдөөдө. Мисалы, «Достык – Алашанькоу» жана «Алтынкөл-Корга» темир жол өтмөктөрү Кытай-Европа багытындагы ташуунун 56 пайызын камтып жатат. «Хоргос Чыгыш дарбазасы атайын экономикалык аймагы чек арадагы кызматташтыгы сыяктуу ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Аны менен бирге бүгүнкү күндө эки тарап өкүлдөрү «Астана» Эл аралык каржы борбору менен кытайдын каржы институттарынын арасындагы стратегиялык байланышты жогорулатуу тууралуу пикир алмашып, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы алыш-бериш кезиндеги бажылык маселелер да талкууланууда.

АЛИХАН СМАИЛОВ, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз Кытай Эл республикасынын негизги бажылык акимчилиги менен тыгыз карым-катнаш орнотууга келиштик, ошондой эле онлайн режимде Казакстан-Кытай мамилелериндеги соода-сатыктын декларациялоо сапатын көбөйтүү маселеси да караштырылды. Натыйжасында биз казакстандык ишкерлер импорттук товарларды салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми туура келбегендик пайда болгон кырдаалда унаа куралдары кызыл коридорго жиберилип, текшерилет.

Белгилей кетсек, Казакстанга инвестиция салган мамлекеттердин ичинде Кытай төртүнчү орунда. Негизги акча салган тармагы унаа жана кампа, андан кийин тоо –кен өнөр жайы. Ошондой эле, эки өлкөнүн соода- экономикалык байланышы жылдан – жылга өсүп келе жатат. Мисалы, акыркы үч жылда өз ара товар жүгүртүү 50 пайыздай өскөн.