Казакстан менен Өзбекстан соода кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан менен Өзбекстан соода кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-сатык рекорддук көрсөткүчкө жетти. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 26 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларды түздү. Адистердин айтымында, өсүшкө чек ара айланасындагы аймактардын өнүгүшү өз таасирин тийгизген. Алдыдагы убакытта соода көлөмүн арттыруу максатында чек арада соода – экономикалык кызматташтыктын эл аралык борборун ачуу мерчемделип жатат. Азыркы тапта бул маселе эки өлкөнүн өкмөттөрү менен кызуу талкууланууда.

ЕРМЕК КӨШЕРБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Өзбекстандын Инвестиция министринин жана Казакстандын Улуттук экономика министринин орун басарлары эки өлкөнүн чек арасынын аймагындагы райондордо болуп кайтышты. Тараптар чек арадан өтүү, бажылык өткөрмөлөр, унаа инфраструктурасынын ыңгайлуулугуна тиешелүү маселелер боюнча сөз козгошту. Алдыдагы убакытта ири соода-логистикалык борбору курулат. Ал так ушул маселелер менен алектенет. Биз өзбек ишкерлерин агрардык долбоорлорубузга катышууга чакырдык, анткени Казакстан – бул ЕАЭБ рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган чоң аянт.

2019-жылы Өзбекстан менен Казакстан жеткирилген товарлар тизмесин жогорулатууну мерчемдеп жатат. Мисалы, өзбек рыногуна уникалдуу «балык баурсактары», ундан жасалган өнүмдөр жана курулуш материалдары чыгарылат.

ЛАЗИЗ КУДРАТОВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ТЫШКЫ СООДА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Эки мамлекеттин ортосундагы соодада өсүш бар. Жалпы ушундай көрсөткүч акыркы эки-үч жылда болгон эмес. Бул албетте кубандырат. Алдыдагы убакытта байланышты мындан ары жакшыртуу аркылуу эки өлкө башчыларынын товар жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча алдыга койгон милдеттерин аткарарыбызга ишенем. Ага күч бириктирүү жана жаңы инвестициялык долбоор, соода-сатыкты өнүктүрүү аркылуу жетебиз деп ойлойм. Бул өз ара экономикалык байланышты жаңы жана сапаттуу деңгээлге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Фото: zakon.kz