Костанай авто заводу экспортун көбөйттү

Костанай авто заводу экспортун көбөйттү

2023-жылга карай өндүрүү көлөмүн жылына 60 миң унаага, андан кийин 100 миңге чейин жеткирүү. Костанайлык авто өндүрүүчүлөр ушундай максат коюп жатышат. Чет мамлекеттерге чыгарылган экспорт көлөмүн жогорулатуу да заводду өнүктүрүүнүн басымдуу багытттарынын бири катары саналат. Эскертке кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ишкана Орусия, Кыргызстан, Тажикстан жана Беларусь өлкөлөрүнө жалпы баасы 2 миллион 600 миң доллардан ашуун темир тулпар жөнөткөн. Жакында Азербайжан менен өнөктөштүк орнотуу маселеси каралып жатат. Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, казакстандык ири авто өндүрүшүнүн капиталына трансулуттук Кытай компаниясы каржы салат. Бул өз учурунда өндүрүш көлөмү менен жигердүүлүгүнүн өсүшүнө түрткү берет. Түз жана тартылган салымдардын жалпы суммасы баштапкы мегилинде бир миллиард доллардан ашат.

СЕРГЕЙ МОГИЛАТОВ, АВТО ЗАВОДДУН МҮДҮРҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ:

- Алдыдагы убакытта экспорт географиясы кеңейтиле берет. Негизги керектөөчүбүз албетте Орусия Федерациясы. Чек арага чейин 170 чакырым. Ал жерде ири мегаполистер жайгашкан. Орусиянын Урал аймагында керектөөчүлөрдүн саны абдан көп.

Костанайлык авто өндүрүүчүлөр быйылкы мерчемди 20 миң унаадан ашырууну көздөп жатышат. Аны менен катар, ишкана майда тоомдуу кураштыруу ыкмасы менен француз машиналарын чыгарууну жолго салат. Бул темир тулпарлар КМШ мамлекеттеринин рынокторуна жөнөтүлөт.

Фото: press-unity.com