Казакстанга тартылган инвестиция өсүшү 4,2 пайызды түздү

Казакстанга тартылган инвестиция өсүшү 4,2 пайызды түздү

Казакстан экономикасына тартылган инвестициялардын өсүшү бирдин айында 4,2 пайызды түздү. Өткөн жылы түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 10 пайыз өсүп, 4 миллиард доллардан ашканын белгилей кетүү керек.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Жалпы ушул эки айдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн динамикасы өстү.  Инфляция мерчемделген коридордун айланасында сакталууда. Инвестициялар кайра өсө баштады. Ал эми эл аралык резервдер туруктуу деңгээлде. Ушундай шарттарда ИДӨнүн өсүшү – 3,5 пайызды түздү. Үчтүн айында  ал 2,9 пайызды түзгөн. Мындай динамика товар өндүрүшүнүн жогорулашы жана кызмат көрсөтүү секторунун өсүшү менен камсыз кылынды. Алардын ички өнүмдүн өсүшүнө кошкон салымы 0,91 жана 2,19 пайызды түзөт.

Ушул багытта өлкө аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү да жогорулай түшкөнүн белгилей кетүү керек. Мисалы, Караганды облусуна өткөн жылы 470 миллиард теңге каржы тартылган. Алдыдагы убакытта бул көрсөткүчтү жогорулатуу мерчемделип жатат. Быйыл аймакка тартылган инвестиция көлөмү 520 миллиард теңгеге жетет. Ал үчүн ири инвесторлорго мамлекет тарабынан колдоо чаралары караштырылат.

АЛМАС АЙДАРОВ, КАРАГАНДЫ ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Өткөн жылга салыштырмалуу түз инвестиция өсүшү 21 пайызды түздү. Ушул жылы аталган динамика сакталууда. Жылдын башынан бери, тагыраак айтканда 2 айдын ичинде аймакка 2 эсе көп каржы тарттык. Биз бул трендди сактоого кызыктарбыз. Мисалы, жалпы тартылган инвестициялардын 85 пайызы жеке менчик, алардын тең жарымы чет өлкөлүк инвестиция.

Азыр облуста 40 ири долбоор ишке ашырылууда. Алар тоо-кен, металлургия, унаа – логистика жана азык-түлүк өндүрүш тармактарында колго алынган. Долбоорлордун жалпы баасы бир триллион теңгеден ашат.

Фото: naryk.kz