Актау деңиз портунда 170 миң тонна дан экспорттолот

Актау деңиз портунда 170 миң тонна дан экспорттолот

Жыл башынан бери эки айда Актау деңиз портундагы дан терминалынан 170 миң тонна буудай экспорттолгон. Бул өткөн жылдагы ушул мезгил менен салыштырганда бир жарым эсеге көп. Белгилей кетсек, Түштүк Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында өстүрүлгөн дан бүгүнкү күндө Иран менен Азербайжанда жогорку суроо-талапка ээ. Терминал башчыларынын айтымында, жалган куран менен чын куран айларына түзүлгөн келишимдердин аркасында жарым жылдык мерчем 4 айда аткарылат. Өткөн жылы Актау порту аркылуу Иранга 818 миң тонна буудай ташылып, натыйжасында рекорд коюлган. Ал эми 2017-жылы бул көрсөткүч болжол менен беш жүз миң тонна болгон. Жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнүн себеби, Казакстан арпасына Ислам Республикасынын сатып алууга кызыгып жатканына байланыштуу.

РАФАИЛЬ ГАЛЯМОВ, ТЕРМИНАЛДЫН БАШЧЫСЫ:

- Жаңы жыл ийгиликтүү башталды. Быйыл дандуу өсүмдүктөрдүн ичинде айрыкча арпага болгон суроо-талап жогору. Биз алдыдагы үч айда жогорку жигердүүлүк менен иш алып барып, баш оона айынан баштап жаңы мезгилди баштайбыз. Быйыл да казак данын чет өлкөгө ташууда жогорку көрсөткүчкө ээ болобуз деп мерчемдеп жатабыз.

Казакстан дүйнөлүк буудай рыногундагы жогорку орундардын биринде. Казакстан бүгүнкү күндө дан менен унду ири өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулардын катарына кирет. Республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгү 9 миллион тоннага бааланды, анын ичинде 6 миллион дан түрүндө жана 2 миллион тоннадан ашуун ун абалында болуп жатат.

Фото: traceca-org.org