Германия ишкерлери АЭКБ менен кызматташтык орнотууга кызыктар

Германия ишкерлери АЭКБ менен кызматташтык орнотууга кызыктар

Германия ишкерлери жана инвесторлору «Астана» эл аралык каржы борбору менен кызматташтык орнотууга кызыктар. Берлинде ири компаниялардын башчыларына, каржы борборлорунун өкүлдөрү менен серепчилерге Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Жолугушуунун алкагында «Астана» эл аралык каржы борборунун артыкчылыгы жана жеңилдиктери тууралуу айтылды. Белгилей кетсек, ишкердик топтун өкүлдөрү Жаңы Жибек Жолунун алкагында Борбор Азия, Европа жана Кытайдын унаа - логистикалык байланышындагы Казакстандын  ролун жогору баалашты. Алар АЭКБны ушул тармакка инвестициялоо максатында пайдаланууга кызыктар экенин билдиришти.

ЕРМЕК КӨШЕРБАЕВ, КРнын ТИМдин ОРУН БАСАРЫ:

- Эми өлкөбүздүн тышкы иштер министрлигине тышкы саясий маселелерден башка өнүккөн мамлекеттерден инвестиция тартуу жумушу жүктөлдү. Аны менен катар экспорт багытындагы айкалыштыруу иштерин бекемдөө жумушу да каралган. Германия ишенимдүү шериктешибиз. Бүгүнкү жолугушуу немис финансисттеринин Астанадагы эл аралык каржы борбору менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экендигинин ачык көрүнүшү.

ЭДУАРД КИНСБРУНЕР, ГЕРМАНИЯ ЭКОНОМИКАСЫНЫН ЧЫГЫШ КОМИТЕТИНИН АЙМАКТЫК МҮДҮРҮ:

- «Астана» эл аралык каржы борбору – абдан кызыктуу платформа. Ага кызыктар болгон компаниялар да бар. Аларды көбүнчө укуктук система менен башка да пайдалуу жеңилдиктер өзүнө тартууда. Жаңыдан ачылган борбор болсо да, немис ишкерлерди тарта ала турган мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлойм.

Акыркы төрт жылда Казакстан менен Германиянын ишканалары баасы 2 миллиард евролук 20дан ашуун келишимге кол койду. Бүгүнкү күндө немис инвестицияларынын 90 пайыздан ашууну чейки заттык эмес тармакта. Расмий маалыматтарга ылайык, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 5 миллиард евродон ашкан. Бул 2017-жылга караганда 21 пайызга көп. Аны менен бирге, бүгүнкү күнү Казакстанда немис капиталынын катышуусу менен 900дөн ашуун ишкана бар.

Фото: 24.kz