Иран бийлиги казакстандык ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөп жатат

Иран бийлиги казакстандык ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөп жатат

Иран бийлиги казакстандык ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөп жатат. Алдыдагы убакытта ата мекендик экспортчулардын өз өнүмү менен бул өлкөнүн рыногуна чыгуусу жеңилдетилет. Ушул максатта эл аралык ишкер коомунун өкүлдөрү жакында Астанага келип, өлкөнүн ишканаларынын жумушу менен жакындан таанышат. Иранды биринчи Казакстандын айыл чарбасы жана пайдалуу кен байлыктарды өндүрүү тармактары кызыктырып жатат. Белгилей кетсек, Тегеран буудай, арпа жана башка дан өсүмдүктөрдү өстүрүү, сактоо жана ташуу шарттары менен таанышат.

МЕХДИ ЗАХЕДИАВАЛЬ, ИРАН СООДА ПАЛАТАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Бизди кызыктырып жаткан башкы суроо – Казакстан айыл чарбасынын бүгүнкү деңгээли. Астананын жардамы менен узакка созулган ушул маселени чечип, кампаларыбызды дан менен толтурабыз деген ойдомун. Казакстан Ирандын узак мезгилдүү шериктешине айланарына ишенем. Эки өлкөнүн соода палаталары ушул максатка жетүү үчүн бизнесмендерге жардам берүүсү керек.

Тегеран айыл чарбасынан башка Казакстандын машина куруу тармагы жана азык-түлүк өнүмдөрүн жеткирүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөп жатат.

МОХАММАД ВАТАНПУЛ, ЭКОНОМИСТ:

- Бүгүнкү күндө Иран геосаясат менен география жагынан Казакстанды башка өлкөлөр менен бириктире алган көпүрөгө окшош. Иран аркылуу товар ташуу арзан жана ыңгайлуу. Мындан башка, деңиз менен темир жол аркылуу да жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эгер транзиттик жүк Иран мамлекети аркылуу өтсө ал жерде бажы салыгы башка өлкөлөр менен салыштырганда төмөн болот. Эки өлкөнүн ортосундагы бизнес кызматташтык эки тарап үчүн да  эффективдүү жана коопсуз.

Башка өлкөлөргө товарларды экспорттоо Казакстан менен Ирандын ортосундагы шериктештиктин башкы багыттарынын бири боло алат. Тегеран ушул тармакта Астанага болушунча колдоо көрсөтүүгө кызыктар. Ал эми Казакстан алдыдагы үч жылда экспортту өнүктүрүүгө 500 миллиард теңге бөлөт. Аны менен бирге, өнүмүн тышка чыгара турган ишканалар үчүн ташуу чыгашаларын аткаруу жана кызматтык колдоо көрсөтүү да каралып жатат.

Фото: inform.kz