Казакстан менен Франция өз ара эффективдүү кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстан менен Франция өз ара эффективдүү кызматташтыкты бекемдөөдө

Казакстан менен Франция өз ара эффективдүү кызматташтыкты бекемдөөдө. Эки тарап өкүлдөрү бүгүнкү күндө мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланышты кеңейтүүгө өзгөчө маани беришет. Франция – Казакстан үчүн башкы инвесторлордун бири. Эки жактуу карым-катнаш орногондон бери француз компанияларынын Казакстандын экономикасына салган түз инвестициясы 37 миллиард доллардан ашты. Чет элдик ишкерлерди ыңгайлуу инвестициялык климат, Борбор Азия жана Евразиялык биримдик рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү кызыктырат.  

ИВАН ТРУЙО, ECMGREENTECH КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ, ФРАНЦИЯ:

- Сиздердин өлкөңүздөрдө көп жылдан бери иштеп келе жаткандыктан тажрыйбабыз мол. Казакстанда бизнес жүргүзүү жеңил. Ишиңди алдыга жылдырууга бардык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Казакстанда биздин өлкөнүн бир нече бизнес очокторунун бөлүмдөрү ачылып жемиштүү эмгек кылууда.

ИЗАБЕЛЬ ЛОЗОН, IDEMIA КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин биргелешкен ийгиликтерибиз сиздердин өлкөнү жарнамалоого мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бүгүнкү күндө биз иштеген тармак инновациялык сектор катары саналат. Анын натыйжасында биз тышкы дүйнөдөгү Казакстандын инновация тармагындагы имиджин жогорулатууга даярбыз.

КРИСТОФ РОССИ, КОМПАНИЯ ПРЕЗИДЕНТИ / ФРАНЦИЯ:

- Казакстандын санариптик эволюциясына биз даярдаган өнүмдөр менен бирге катышууну мерчемдеп жатабыз. Ошондой эле, жергиликтүү шериктештерди таап, алдыга койгон максаттарыбызды мындан ары өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Аны менен бирге, Казакстанда маалыматтарды сактап, архивдештирип, жайгаштыруу үчүн DATA тарабынан мерчемдер көп.

Тараптар санариптештирүү жана альтернативалык энергетика тармактарын мындан ары өнүктүрүү кызматташтыктын басымдуу багыты катары санашат. Франциядагы бизнес-форумунда Астана эл аралык каржы борбору жана улуттук компаниялардын башчылары чет өлкөлүк ишкерлерге бериле турган артыкчылыктар менен жеңилдиктер тууралуу толугураак айтып берди. Казакстан Элчилигинин колдоосу менен уюштурулган жолугушууда француз инновациялык компаниялары Казакстандын рыногу менен таанышып, өз ойлору менен бөлүштү.

ЖАН ГАЛИЕВ, КР ФРАНЦИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бизнес-форумда Казакстан-француз кызматташтыгынын келечеги талкууланды. Бүгүнкү күндө Казакстанды таанып келе жаткан көп француз ишкерлеринин арасында өлкөбүзгө болгон кызыгуу жаралып жатат. Казакстан делегациясы жергиликтүү компания өкүлдөрүнө өлкөбүздө бизнес жүргүзүүгө тиешелүү бардык маалыматты берип, анын эффективдүүлүгүн көрсөттү. Бул француз инвесторлоруна ишеним пайда кылганы анык.

Белгилей кетсек, жолугушуунун алкагында маалымат системасы менен күн панелдерин өндүрүүчү француз компаниялары казакстандык өнөктөштөрү менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койду. Аны менен катар, Франциянын Ай-Ти тармагындагы лидери Казакстан экономикасына инвестиция салууга даяр экенин билдирип жатат.

Фото: baribar.kz