Павлодар менен Омсктун ортосунда соода-экономикалык байланыш бекемдөөдө

Павлодар менен Омсктун ортосунда соода-экономикалык байланыш бекемдөөдө

Павлодар менен Омсктун ортосунда соода-экономикалык байланыш бекемдөөдө. Өткөн жылы эки чек аралаш аймактын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү бир нече эсеге өскөн. Буга биргелешкен ишканалардын көп санда курулушу оң таасирин тийгизди. Жакында орусиялык ишкерлер делегациясы Павлодарга атайын сапар менен келишти. Алар инновациялык ишканалардын турмуш – тиричилиги менен таанышты.

НУРБОЛАТ СЕЙТМАГАМБЕТОВ, ОБЛУСТУК ИНДУСТРИАЛДЫК – ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Биз товар жүгүртүүнү аз дегенде 15 пайызга жогорулатууну мерчемдеп жатабыз. Биздин эсептөөлөр боюнча, товар жүгүртүү көлөмү 20 пайызга чейин өсүшү керек, анын ичинде Орусия Федерациясына экспорт да бар.

Омск облусунун тышкы соода жүгүртүүсүнүн 30 пайызы Казакстанга тиешелүү. Ал эми Павлодар облусунун ишканалары наркы 1 миллиард доллардан ашкан өнүм түрлөрүн Орусияга жеткирген. Азыркы тапта экспорт көлөмү 27 пайызга өскөн.

ОЛЬГА ФЕДУЛОВА, ОМСК СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз павлодардык чарбачылыктар үчүн айыл чарба техникаларын өткөрүү жолдорун өнүктүрсөк дейбиз. Айыл чарба өнүмдөрүн иштетүүчү ишканаларды куруп, кээ бир азык-түлүк түрлөрү менен алмашуу жагын да ойлонуштурабыз.

Эки өлкөнүн ортосунда машина куруу, химия жана агро өнөр жай комплекси тармагында кызматташтык орногон. Орусия тарап келечекте курал жасоо боюнча узак мезгилдүү өнөктөштүк орнотууну сунуштады.

АННА КОЛОКОЛОВА, ОМСК ОБЛУСУНУН ЭКСПОРТТУ КОЛДОО БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул жерде эки тарапка орток, биргелешкен ишканалар туурасында сөз козголуп жатат. Мисалы, куралдарды жыйнактоо өндүрүшүн Казакстанда, анын ичинде Павлодар аймагында курууга мүмкүнчүлүк бар.

Павлодардын полипропилен заводунун рынокто өз орду бар. Атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмгө алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн суроо-талап жогору. Алдыдагы убакытта аталган ишкана аймактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары күчөтөт.

ОЛЖАС ЫКЫЛАСОВ, ПОЛИМЕРЛҮҮ БУЮМДАР ӨНДҮРҮШҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биздин өнүм экологиялык жактан таза жана сапаты мыкты. Ошондуктан биздин товарларга чет өлкөлөрдө суроо-талап жогору. Өнүмдөрдүн 35 пайызы Орусияга, 15 пайызы жакынкы чет өлкөлөргө, тагыраак айтканда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга жиберилет.

Жакында жаңы технологиялык желе ишке кошулду. Анын натыйжасында экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жогорку өнүм - метил-трет-бутил эфири менен полипропилен пайда болот. Бул жерде 500 килограммдан баштап сыйымдуулугу 60 тонналык көлөмдөгү салмакты көтөрө турган контейнерлер жасалат. Ар түрдүү өлчөмдөгү каптар жылына 1 миллион 200 даана чыгарылат. Ишкана келечекте өндүрүш кубаттуулугун жогорулатууну көздөп жатат.

Фото: vesti22.tv