Казакстан газ экспортун көбөйттү

Казакстан газ экспортун көбөйттү

Казакстан чет өлкөгө газ жеткирүүлөрүн көбөйттү. Өткөн жылдын 10 айында 22 миллиард  кубо метрден ашуун көгүлтүр отун экспорттолгон. Бул 2017-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда 14,5 пайызга көп. Экспорттун өсүшү Орусия менен Кытайга жеткирүүлөрдүн санына байланыштуу. Түндүктөгү кошуна өлкө жети жарым миллиард кубо метрден ашуун газ сатып алса, өлкөнүн чыгышындагы мамлекет экспорт көлөмүн 7 эсеге көбөйткөн. РК Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Кытайга 5 миллиард 800 миллион кубо метр газ сатылган. Азербайжан менен Кыргызстанга да чакан жеткирүүлөр жасалууда. Жалпысынан үстүбүздөгү мезгилде Казакстан 1 миллиард 700 миллион долларлык газ сатты. Эскерте кетсек, Казакстан дүйнөдөгү табигый газ корлору боюнча жыйырма экинчи, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинде үчүнчү орунду ээлейт.

Фото: kp.kz