Польшада Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Польшада Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Польшада Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. 40ка жакын компаниянын жетекчилери өлкөнүн бизнес-климатына кызыгуу артып жатат. Жолугушууда Польшанын абройлуу ишкерлери Улуу талаа өлкөсүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү эффективдүү тармактар жана өкмөттүк колдоо иш-чаралары менен таанышышты. 

БИРЖАН КАНЕШЕВ, УЛУТТУК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯ ӨКҮЛҮ:

- Биргелешкен өндүрүш куруп, биргеликте инвестиция кылуунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул нерсени поляк инвесторлору да белгилеп жатышат. Аз дегенде 5-6 келишим түзөбүз деген ойдомун. Аны менен катар, бугу айынын он бешинде Астанада эл аралык инвестициялык форум өтөт деп мерчемделип жатат. Ал жерде так келишимдерге кол коёбуз деп ойлойм.

Польша ишкерлерин бизнести жүргүзүүгө арналган көптөгөн мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле жеңилдетилген виза тартибинен баштап, салык жеңилдиктерине чейин кызыгуу артып жатышат. Алар Казакстан Борбор Азия аймагындагы экономикалык өнүгүүнүн лидери катары саналарын белгилеп өтүштү.

ЯЦЕК ШВАЙЦОВСКИЙ, ИШКЕР, ПОЛЬША:

- Казакстандын инвестицияларга жана өнүгүүгө ушунчалык ачык экени мага жагып жатат. Аны менен катар, бет ачарда бизнестин укуктук мүмкүнчүлүктөрү менен кандай корголорун билдим. Иш-чара абдан кызыктуу өттү. Бүгүнкү күндө Польшанын айыл чарба тармагы, химия менен фармацевтикасы мыкты өнүккөн, бул тыгыз кызматташтык орното алган тармактарыбыз. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, өнөктөштөрүбүздүн көбү Казакстанга инвестиция салууну ойлонуп жүрүшөт.

АЛИМЖАН АХМЕТОВ, ИШКЕР:

- Биздин компаниябыз Түркестан облусунда жайгашкан сүт өнүмдөрүн өндүргөн ферма. Бүгүнкү күндө 1200 баш мал бар. Биздин уйлар Канада жана Европадан алып келинген. Күнүнө 20 тонна сүт өндүрүлөт. Кийинки жылы бул көрсөткүчтү 60 тоннага жеткирүү мерчемделип жатат. Ошондуктан сүттү кайра иштетип, өнүмдөрдү өндүрө турган сүт иштетүүчү завод курууну каалап жатабыз. Менин бул жердеги башкы максатым – бирдиктүү бизнес үчүн өнөктөш табуу.

Варшавада өткөн жыйында «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да айтылды. Казакстан делегациясы борбордун жумушу жана артыкчылыктарын ар тараптан түшүндүрүп берди. Поляк бизнес ассоциациясында АЭКБ келечектүү долбоор катары таанылып, ар түрдүү сунуштарды берип келет.

МАРГУЛАН БАЙМУХАН, КР ПОЛЬШАДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Астана экономикалык форумунун алкагында инвестициялык экономикалык форумга катышуу үчүн Польша тарабынан так сунуштар бар. Бул жерде блокчейндер, электрондук акча боюнча жакшы технологиялык чечимге ээ ири компания бар. Бул биздин экономикабыздын сегменти үчүн кызыктуу болгон ноу-хау деп эсептейм. Биздин алдыга койгон максатыбыз – Казакстанга инвестиция тартуу, аны менен катар өлкөбүздүн экспортун колдоо. Ушул тарабынан алып карай турган болсок, Казакстандан зыгыр жеткирүү ири кызыгуу жаратып жатат.

Көлөмү жагынан Евробиримдиктеги алтынчы экономика менен биргелешкен Казакстан – логистика жана фармацевтика тармактарында жигердүү жумуш аткарып келет. Эки тараптын машина куруу, айыл чарба жана курулуш материалдарын өндүрүүгө кызыгуусу бар. Ушул багытта биргелешкен долбоор да белгиленген. Варшава менен Краков бизнесмендери Казакстан аймактарына ишкердик сапар менен аттанат.

Фото: mfa.gov.kz