Быйыл Курык порту 2,5 миллион тоннадан ашуун жүк ташууну мерчемдеп жатат

Быйыл Курык порту 2,5 миллион тоннадан ашуун жүк ташууну мерчемдеп жатат

Маңгыстау облусу жигердүү өнүгүү үстүндө. Аймактын өнүгүшүнө жергиликтүү порттордун кошуп жаткан үлүшү мол. Быйыл Курык порту 2,5 миллион тоннадан ашуун жүк ташууну мерчемдеп жатат. Бул өткөн жыл менен салыштырганда бир миллион тоннага көп. Төрт кеме токтоочу жай күнүнө 8 кемени кабыл алат. Кытайдан чыккан жүк Казакстан, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Украина аркылуу Европага жөнөтүлөт.

АЗАТ БАЛЫКБАЕВ, ЭКСПЕДИТОРДУК БӨЛҮМДҮН АДИСИ:

- Ушул жерде жүргүнчүлөр менен айдоочулардын документтерин жол жоболоштурабыз. Бардык жумуш автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ушундай таза жана кооз имаратта жайгашканбыз.

Курык порту азербайжандык өнөктөштөрү менен өз ара эффективдүү кызматташтык орнотуу тууралуу келишишти. Бүгүнкү күндө Баку менен туруктуу паром каттамы жайгашкан. Алдыдагы убакытта Түркмөнстан жана Иран өлкөлөрүнө башка да паром желелерин ачуу мерчемделген. Эскертке кетсек, чөл менен Каспий деңизи кошулган аймакта жайгашкан Маңгыстау облусу байыртадан Улуу Жибек жолунун транзиттик аймагы жана ири соода жайы болгон. Аймак бул аброюн бүгүн да сактап келет. Өткөн жылы бул жерге 200 миңден ашуун турист келген. Ал эми 7 жылдан кийин алардын саны 750 миң адамга чейин өсүшү мүмкүн.

ГҮЛМИРА СҮЙЕУОВА, МАҢГЫСТАУ ОБЛУСУНУН ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- ЮНЕСКОнун жардамы менен Геобак курулганын угушса, бул жерге келүүчүлөрдүн саны өсөт. Аймакта казак улуттук кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүп, ишкердик менен да алектенүүгө болот.

Азыр деңиз жээктеринде масштабдуу архитектуралык ансамбль курулууда. Ал Актауны айланып бир нече чакырымга созулат. Кийинки жылы Каспийдин жээгинде ири габариттик кургак жүк ташый турган кемелерге арналаган порт салынат, крандардын жумушу уюштурулат.

Фото: miid.gov.kz