Казакстандын космос байланышындагы мүмкүнчүлүктөрү кандай?

Казакстандын космос байланышындагы мүмкүнчүлүктөрү кандай?

Казакстандык космостук байланыш борбору эл аралык рынокко чыгат. Комплекс Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттерине өз кызматтарын сунуштайт. Аталган өлкөлөрдүн өз спутниктери жок. Серепчилердин айтымында, өлкөнүн космостук байланыш тармагындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү 65 миллион теңгени түзөт. Бүгүнкү күндө «Казсат-2» жана «Казсат-3» спутниктеринин ресурстарын 20дан ашуун казакстандык уюм пайдаланып жатат. Өткөн жылы космос аппараттарынын кызматынан 5 миллиард теңгеден ашуун киреше түшкөн. Ал эми быйыл республикалык космостук байланыш борборунун кызмат көрсөтүү чөйрөсү кеңейтилип, аталган сумманын өсөрү анык. Борбор кызматынын аркасында 300гө жакын спутникалык теле жана радио каналдар кабар таратып жатышат. Мындан сырткары, өлкөнүн экономикасына 47 миллиард теңгеге тең импортту алмаштыруу ишке ашты.

ВИКТОР ЛЕФТЕР, «РКББ» АК БАШЧЫСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Комплексти мындан ары өнүктүрүү керек. Бул жаңы технологиялар, жаңы спутниктер, жаңы чечимдер, арзанырак, дүйнөлүк топтор, аз куралдар, ылдый учкан объекттер. Албетте ушунун бардыгына Казакстан катышат. Биз азыркы тапта Өзбекстан, Кыргызстан жана башка да коңшу өлкөлөр менен байланыш кызматтарын сунуштоо мүмкүнчүлүк маселеси боюнча иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин топ Өзбекстандан кайтышты, маселе изилденүүдө.

ДИДАР ЗАРКУМОВ, «РККБ» АК ЖЕТЕКЧИ ИНЖЕНЕРИ:

- Космостук аппараттарыбыз бүткүл Казакстан аймагын жана аны менен бирге коңшу Борбор Азия мамлекеттерин камтып жатат. Ар бир оператор өзүнүн антеннасын алып барып, тоонун ортосуна же каалаган аймакка орнотуп, биздин спутникке каратып, каалаган байланыш түрүн камсыз кыла алат. Мисалы, азыркы тапта Кыргызстан көп колдонууда. Биздин оператор аркылуу алар өздөрүнүн антенналык системаларын коюшат да, ал аркылуу биздин космостук аппараттар менен иштей беришет.

Фото: rcsc.kz