Казакстан Иранга күрүчтүн «Таром Хашеми» түрүн сатат

Казакстан Иранга күрүчтүн «Таром Хашеми» түрүн сатат

Казакстан Иранга күрүчтүн «Таром Хашеми» түрүн сатат. Экспорт менен Кызылордо облусунун чарбачылыктары алектенет. Бүгүнкү күндө товарды жиберүүгө арналган сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Белгилей кетсек, жалпы Иранга күрүчтү Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары, Таиланд, Индия жана Ирактан импорттоп келишкен.

МОХАММАД ХОССЕЙН АНСАРИ ФАРД, ИРАН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Иран аба ырайы кургак жана жарым кургак аймактардын катарына кирет. Ушуга байланыштуу Каспий деңизи аймагында гана күрүч өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок анын көлөмү экспорт эмес, ички рыногубузга жетпейт. Ошондуктан «Таром Хашеми» күрүчүнүн дандарын коңшу өлкөлөргө, Орусия жана Казакстанга тапшыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Эң жакшы өнүм сиздердин өлкөдөн чыккан, анткени аба ырайы Каспий аймагына окшош. Айыл чарба министринин орун басары бир нече жолу Казакстанга барып, күрүч экспорту тууралуу келишкен.

Белгилей кетсек, «Таром Хашеми» 60 тонна түшүмүнүн сынам партиясы Иранга 2018-жылы жөнөтүлгөн. Ал эми быйылкы жылы 500 тонна товарды экспорттоо көздөлүп жатат. Аны менен катар, Иран адистеринин маалыматына караганда, алдын-ала келишимдерге ылайык, күрүчтүн алгачкы партиясы ушул айда жөнөтүлөт деп мерчемделген.

АЙДИН ФАДАКАР, БИОЛОГИЯ ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН АГА ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Белгилей кетсек, эки өлкөнүн аба ырайы окшош болгондуктан, «Таром Хашеми» күрүчү Казакстанда жакшы түшүм берген. Бул сиздердин чарбарчылыкка да, биздин керектөөчүлөргө да эффективдүү болуп жатат. Аны менен катар, бизге жогорку сапаттуу өнүм керек, ал эми казакстандык чарбачылыктар ушундай сапатты берип жатат.

Быйылкы жыл Иран күрүчүн өстүрүүчү чарбачылыктар үчүн жаңы өзгөрүүлөргө бай болот деп күтүлүүдө. 2020-жылы казакстандык күрүчтүн экспорту өсүшү мүмкүн, бул Ирандын башка өлкөлөрдөн көз карандуулугун азайтат. Ал эми келечекте Иран башка импорттоочулардан да баш тартып, сапаттуу өнүмдү жеткирген Казакстанга басым берүүсү мүмкүн. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кызылордолук күрүч Борбор Азия өлкөлөрү, аны менен бирге Азербайжан, Армения, Ооганстан, Моңголия, Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн кээ бир аймактарына экспорттолуп келет.

Фото: iran.ru