Казакстан Кытайга экспорт көлөмүн кеңейтти

Казакстан Кытайга экспорт көлөмүн кеңейтти

Казакстан Кытайга экспорттоло турган айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмүн кеңейтип жатат. Былтыр Шанхайда өткөн импорттук көргөзмөдө өлкө айыл чарба тармагынын 30 түрдүү өнүмүн экспорттоого келишкен. Тизме быйыл дагы 10 товар менен толукталды. Аны менен бирге, азыр айыл чарба министрлиги коңшу өлкө менен уй этинин ветеринардык сертификатын мыйзамдаштырып жатат. Натыйжасында казакстандык ишканалар Кытай рыногуна ири кара малдын этин экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Ушуга чейин ата мекендик 5 ишкана кой этин сатууга уруксат алган. Мындан башка, Казакстан Кытай рыногунун талаптары боюнча малды тирүү сатуунун мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Азыр эки өлкө чек арасында ушуга карай сертификацияланган карантиндик аянттар салынды. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында ата мекендик сүт өнүмдөрүн экспорттоо маселеси да козголду.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биз өнүмдү азыр Кытай стандарты боюнча каттатып жатабыз. Төө сүтү Кытай үчүн жаңы өнүм. Ал тамак катары гана эмес, эң башкысы диабеттин алдын алуудагы дарылык касиети бар өнүм катары керектелет. Ошондуктан кытайлыктар үчүн ал азык да, шыпаа да болот.

Фото: matritca.kz