Казакстан бизнес жүргүзүү рейтингинде мыкты 30 өлкөнүн катарында

Казакстан бизнес жүргүзүү рейтингинде мыкты 30 өлкөнүн катарында

Франция саясатчылары бизнесмендер үчүн Казакстан менен таанышуу жыйынын уюштурду. Элчи Жан Галиев Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен экономиканын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу баяндап берди. Ошондой эле, Казакстан экономикасына каржы салуунун башкы 10 себебин атады. Анын ичинде инвесторлор үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, француз компанияларынын өлкөдөгү ийгиликтүү эмгектеринин үлгүлөрү жана мамлекет тарабынан инвесторлорго берилген жеңилдиктер менен кепилдиктер бар. Аны менен катар, дипломат ишкерлерди Казакстандын өнүгүү стратегиясы жана программалары менен таанышууга чакырды.

ЭЛЕН КОНВЕЙ-МУРЕ, ФРАНЦИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СЕНАТОРУ:

- Франция менен Казакстандын ортосундагы карым-катнаш бекем. Франсуа МиттерАн менен Франсуа ОллАнддан башталган бул жараянды азыр президент Макрон да колдоп жатат. Биз байма-бай жолугуп, биргеликте иштеп өнөктөштүгүбүздү бекемдешибиз керек. Франция ишканалары Казакстанда жакшы өнүгүп келет. Бул өз кезегинде технологиялар менен бөлүшүп, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

ЖАН-МАРИ КАМБАСЕРЕС, УЛУТТУК КООМДУК- ЭКОНОМИКАЛЫК КЕҢЕШИНИН СЕКЦИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Өлкөңөргө тез-тез барып турам. Казакстан Президентинин ар бир чечимдеринин аркасында өлкөнүн мындан ары өнүгүп жатканына күбөмүн. Өлкө башчыңардын акыркы чечимдеринин бири Астана эл аралык каржы борборун түзүү болду. Ал ишкана жетекчилеринен түзүлгөн топтун бардык мүчөлөрүнө эффективдүү. Ушундай шарттарда, Казакстанды жакшыраак таануу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Казакстандагы инвестициялык абалдын ыңгайлуулугу тууралуу Бельгия ишкерлери да белгилеп жатышат. Айрыкча, өлкөдө жаңы инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү, дешет медициналык багытта иштеген компания өкүлдөрү. Алар Казакстанда бир нече долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырышкан.

ЙОХАН ФОКЕ,  МЕДИЦИНАЛЫК КОМПАНИЯНЫН МЕНЕДЖЕРИ:

- Биз инновациялар жана жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча Астана, Алматы, Актөбө, Семей жана Өскемендеги алты онкологиялык борбордо жергиликтүү компаниялар менен биргеликте иштеп жатабыз. Ушул тизмеге Павлодарды да кошуу мерчемибизде бар. Аталган борборлордун кызматкерлерин окутабыз. Муну Президент Назарбаев сунуштаган «Саncer-care» мамлекеттик онкологиялык программасынын маанилүү бөлүгү катары караштырып, аны ишке ашырууда өз салымыбызды кошуп жатабыз.

ОЛИВЬЕ ДЮФРАСН, МЕДИЦИНАЛЫК КАЛДЫКТАРДЫ ЖОЮУ КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биз медициналык калдыктарды жоюуда адистешкен компаниябыз. Бул дүйнөдөгү бүткүл өлкөлөргө орток маселе. Казакстанда өз технологияларыбызды киргизүү тууралуу туура чечим кабыл алдык деп эсептейм. Анткени өлкөңөрдөгү бизнес климат компаниябыз үчүн ыңгайлуу. Казакстан – Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшүбүз.

Фото: baribar.kz