Бельгиялык компаниялар Казакстанга келет

Бельгиялык компаниялар Казакстанга келет

Казакстан менен Бельгиянын ортосундагы эки жактуу инвестициялык кызматташтык талкууланды. Брюсселде өткөн жолугушууда казакстандык адистер чет өлкөлүк ишкерлерге өлкөнүн бай ресурстук мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык стратегиясынын негизги багыттары, ошондой эле инвесторлорду колдоо иш-чаралары тууралуу баяндап биришти. Алар ири унаа-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана ЕАЭБдин бирдиктүү рыногуна жетүүнү эске алып, биргелешкен ишканаларды курууну сунуштады. Белгилей кетсек, Казакстан менен Кыргызстандагы Бельгиянын экспорт жана инвестициялар боюнча Валлония агенттигинин колдоосу менен бельгиялык ишкерлер жана инвесторлор кулжа айынын башында Казакстанга келет.

АЙНУР ТУМЫШЕВА, УЛУТТУК КОМПАНИЯНЫН ЕВРОПА МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРИ:

- Азыр биз бельгиялык компаниялардын кызыгуусун жаратуу үчүн Казакстандын инвестициялык кырдаалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат таратууга маани берип жатабыз. Алгач өлкөбүздүн мыйзамы, жеңилдиктер жана так долбоорлор тууралуу баяндайбыз. Ал эми өлкөбүздүн Улуттук банкынын маалыматына таянсак,  Казакстан менен Бельгиянын ортосундагы инвестициялар жана соода жүгүртүүсүнүн жыл сайынкы өсүшүн байкайбыз. Азыркы тапта бул көрсөткүчтүн жылдык өсүшү 20 пайызга тең болуп жатат.

ШАНТАЛЬ ДЕ БЛЁ, AWEX БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Казакстан менен кызматташтык күчөп, бельгиялык компаниялардын өлкөңүздөргө болгон кызыгуусу өсүп жатат. Эки тарап ар түрдүү тармактарда тыгыз кызматташтык орното билди. Бүгүнкү күндө биз жаңы технологиялар, медицина, курчаган чөйрөнү коргоо тармагында эки жактуу байланышты түзүүгө мүмкүнчүлүктөр мол экенин көрүп жатабыз. Бир катар суроо-талаптар жогору болгон компаниялар ноу-хаунын жаңы жагын калыптандырып, товарларды экспортко гана чыгарып койбостон, аны менен бирге кызматкерлерди окутуп, жаңы  технологиялар менен бөлүшө алат. ЕАЭБ рыногунун ачылышы Казакстанда эки себепке байланыштуу Бельгия компанияларынын жумушун жеңилдетти. Биринчи себеп – бирдиктүү өнүмдүү сертификациялоо. Экинчи себеп – Казакстан менен Орусиянын, ошондой эле башка да коңшу өлкөлөрдөгү евразиялык рыноктун мүмкүнчүлүктөрүнүн жогору болушу.

Эскерте кетсек, акыркы 10 жылда Бельгиянын Казакстанга инвестициясы 7 миллиард доллардан ашкан. Ал эми эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жыл менен салыштырганда 41 пайызга өсүп, 374 миллион долларга жетти. Казакстандан экспорт 2 эсеге өскөн. Аны менен катар бүгүнкү күндө Казакстанда Бельгия капиталынын катышуусу менен ар түрдүү тармактарда 70тен ашуун ишкана иштеп жатат.

Фото: mfa.gov.kz