Астананын инвестициялык тартымдуулугу

Астананын инвестициялык тартымдуулугу

Астананын чет өлкөлүк капитал үчүн тартымдуулугу күн санап өсүп жатат. Шаарга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 6 пайызга өсүп 1 триллион теңгени түзгөн. Бул көлөмдүн үчтөн бири чет өлкөлүк инвесторлорго тиешелүү. Ушундай оң жараян быйыл да сакталат деген ишеним жогору. Азыркы тапта өнөр жай, соода, кызмат көрсөтүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында өсүш байкалууда. Аны менен катар, өлкө боюнча Астанада чакан жана орто бизнестин үлүшү эң жогору экенин белгилей кетүү керек.

БАХЫТ СУЛТАНОВ, АСТАНА ШААРЫННЫ АКИМИ:

- Астана – ишкерлердин шаары, инвестициялык тартымдуу шаар. Азыр жалпы суммасы 3 триллион теңгелик 193 долбоор ишке ашырылууда, анын ичинде 44 долбоорго чет өлкөлүк инвесторлор менен трансулуттук корпорациялар катышып жатат. Инвестициялык салымдардын жалпы көлөмүндөгү чакан жана орто бизнестин үлүшү 86 пайыз. Башкача айтканда, шаар инвестицияларынын негизги бөлүгү ошолорго тиешелүү.

Борбордогу ишкердиктин өнүгүшүнө мамлекеттик программалардын түрткүсү жогору. Өткөн жылы бизнестин жол картасы боюнча миңден ашуун ишканага 186 миллиард теңге өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Ал эми шаардагы бизнес объекттердин саны өткөн жылы 20 пайызга өскөн.

Фото: kapital.kz