Акмоло облусунун чарбачылыктары эми өз өнүмдөрүн БАЭна сата алат

Акмоло облусунун чарбачылыктары эми өз өнүмдөрүн БАЭна сата алат

Акмоло облусунун чарбачылыктары эми өз өнүмдөрүн Бириккен Араб Эмираттарына сата алат. Эки тарап бүгүнкү күндө өз ара соода-сатык байланышы боюнча меморандумга кол коюшту. Облустук ишкерлер палатасынын өкүлдөрүнүн айтымында, арабдарды казакстандык ун, буудай, эт жана сүт сыяктуу айыл чарба өнүмдөрү кызыктырат. Эми бул өлкөдө Акмоло облусунун соода өкүлдүгү ачылып, соода-сатык мамилеси системалаштырылат.

ТИМУР НАХЫПБЕКОВ, ОБЛУСТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта Акмоло облусу тоок жумурткасына болгон муктаждыкты толугу менен камсыз кылып жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттарына 250-300 миллион даана жумуртка экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Мындан башка, эт өнүмдөрү менен органикалык өнүмдөргө да жогору кызыгуу бар экенин  билгей кетүү керек.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Акмоло облусунун Бириккен Араб Эмираттары менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2016-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 5 эсеге, ал эми 2018-жылы 61 пайызга өскөн. Бүгүнкү күнү Акмоло Бириккен Араб Эмираттарына казакстандык унду ийгиликтүү экспорттоп келет. Аны менен катар, керектөөчүлөрдүн айтымында, казакстандык өнүмдүн артыкчылыктары көп. Сапаты  жогору, бардык талаптарга ылайык келет жана экологиялык жактан таза.

Фото: kapital.kz