Казакстан Иранга уй этин экспорттойт

Казакстан Иранга уй этин экспорттойт

Казакстан Иранга уй этин экспорттойт. Өнүмдүн биринчи партиясын жеткирүү боюнча эки өлкө келишимге кол койду. Ага ылайык, алгач 500 тонна уй эти жөнөтүлөт. Ал үчүн эт комбинатында 120 баш ири кара мал союлат. Жалпы өткөн жылы 20 миң тоннага жакын эт экспорттолгон. Көрсөткүч 2017-жыл менен салыштырганда 3,5 эсе көп. Ал эми быйыл эң аз дегенде 30 миң тонна этти чет өлкөгө жөнөтүү мерчемделип жатат. Айрыкча, Азeрбайжан, Армения, Бахрейн, Вьетнам, Германия, Кувейттен Казакстан өнүмүнө суроо-талап өскөн. Бүгүнкү күндө Кытай менен балык жана эт өнүмдөрүнүн экспортун 30 пайызга чейин көбөйтүү максатында келишим түзүлдү.

САЛТАНАТ АБЫЛКАСЫМОВА, КР АЧМ – ВЕТЕРИНАРДЫК БАЙКОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Иран бажы биримдигинин мүчөсү болгондуктан, биз тиешелүү ветеринардык талаптарды карманышыбыз керек. Бул Иран менен Казакстандын ортосунда ветеринардык талаптар ылайыкташтырылган дегенди билдирет. Сертификаттарга кол коюлган. Аталган талаптарды аткарган шартта, малды союу кезинде Ирандын тиешелүү бийлик органдарынын мал дарыгерлери катышат.

Фото: lenta.inform.kz