Казакстан Өзбекстанга чийки мунай жеткирүүнүн көлөмүн жогорулатат

Казакстан Өзбекстанга чийки мунай жеткирүүнүн көлөмүн жогорулатат

Казакстан энергетика тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө. Тагыраак айтканда, Казакстан Өзбекстанга чийки мунай жеткирүүнүн көлөмүн жогорулатат. Аталган тармактагы эки жактуу келишимге эки өлкөнүн Өкмөттөрү кол коюшту. Коңшу мамлекет беш миллион тоннага чейин кара алтынды сатып алууга кызыктар. Алардын 2 миллион тоннасын Казакстандан, ал эми үч миллион тоннасын Орусиядан сатып алат. Белгилей кетсек, бекитилген келишим Республиканын түштүгүн кышы-жайы үзгүлтүксүз табигый газ менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.

Аны менен бирге Казакстандан Украинага ташылган суюлтулган газдын көлөмү былтыр рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ошондой эле, күйүүчү май бекеттерин башкара турган дагы эки украиналык компания казакстандык өндүрүүчүлөрдүн автогаздарын импорттойт. Өткөн жылы Казакстандан расмий Киевге 200 миң тоннадан ашуун суюлтулган газ экспорттолгон. Серепчилердин пикиринде, эгер казакстандык пропан-бутан жеткирилбесе, аталган өлкө отун жетишсиздигинен чыга алмак эмес. Бүгүнкү күндө казакстандык газды 9 украиналык компания импорттойт, аны менен бирге  адистердин айтымында, жеткирүү көлөмү алдыдагы убакытта да өсөт.

ИВАН КУДИНОВ, УКРАИНА МУНАЙ ӨНҮМДӨР РЫНОГУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Жалпылап алганда, Украинага Казакстан Республикасынан ташылган газ соода жүгүртүүсүнүн жыйынтык эсеби 130 миллион долларды түзөт. Ушул жылы да сиздердин өлкөдөн келе турган суюлтулган газ көлөмү өсөт. Өткөн үчтүн айында дагы эки ата мекендик компания ушул өлкөгө мотор отунун ташууга келишти. Аны менен бирге биз 2019-жылы Казакстандан келе турган газдын өсөрүн божомолдоп жатабыз жана биз бул жаңы рекорддук көрсөткүч болоруна ишенебиз. Казакстандык газга суроо-талаптын өсүшү мыйзамдуу көрүнүш, себеби сапаты европалык талаптарга ылайык келет. Украинада казакстандык өнүм – автогаз катары пайдаланылат. Ошондуктан, трейдерлер жана авто айдоочулардын казакстандык отунга  суроо-талабы абдан жогору. 

Фото: lada.kz