«Санариптүү Казакстан» программасынын долбоорлору иш жүзүндө

«Санариптүү Казакстан» программасынын долбоорлору иш жүзүндө

«Санариптүү Казакстан» программасынын долбоорлору иш жүзүндө. Индустрия 4.0 элементтерин киргизүүнүн аркасында өлкөнүн ири өнөр жай объекттеринде моделдик санариптик фабрикалар курулду. Алар акыркы АйТи-технологиялар ишке ашырылган демонстрациялык аянттарга айланды. Билгилеп айта турган болсок, пайдалуу жер байлыктарын өндүрүүчү жети ири кен жайында «Интеллектуалдык кен жайы» жана « Санариптик кенч» долбоорлору киргизилди. Ушуга кошо, ІТ тармакта үч акселерациялык программа ишке ашырылды. Алардын натыйжасы боюнча 47 стартап тандалып алынды. Бул долбоорлорго 180 миллион теңге өлчөмүндө инвестиция тартуу көздөлгөн. Ал эми, Астана Хаб базасында өнөр жайлык жана инновациялык долбоорлорду колдоо жана кызыктыруу максатында уникалдуу портал түзүлөт. Жалпы, быйылкы жылы 100дөн ашуун ишканада санариптештирүү багытындагы иш-чаралар уланат.

Санариптештирүү багытындагы басымдуу долбоорлор геология жана жер байлыгын пайдалануу тармагында да ишке ашырылууда. 2018-жылы аларды киргизүүдөн пайда болгон экономикалык эффективдүүлүк 218 миллиард теңгени түздү. Серепчилердин божомолу боюнча, алыдыдагы жылдары бул көрсөткүч эки эсе өсүшү мүмкүн.

Фото: vsluh.ru