Казакстан быйылкы жылы 9 миллион тонна дан менен буудайды экспортко чыгарат

Казакстан быйылкы жылы 9 миллион тонна дан менен буудайды экспортко чыгарат

Казакстан быйылкы жылы 9 миллион тонна дан менен буудайды экспортко чыгарат. Анын ичинде дүйнөдөгү эң чоң рыноктордун бири – Кытайга жеткирүү көлөмүн жогорулатат. 2017-жылы Кытайга 307 миң тонна буудай жөнөтүлсө, былтыр бул көрсөткүч эки эсе өсүп, 560 миң тоннаны түзгөн. 2020-жылы Кытайга экспорттоло турган дан көлөмү 1 миллион тоннага жетет деп божомолдонууда.

ТИМУР МЕҢДИГАЛИЕВ, «АЗЫК-ТҮЛҮК КЕЛИШИМ» КОРПОРАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан буудайына Кытайдын суроо-талабы жогору. Биздин өнүм өлкөнүн бир нече провинциясына ташылат. Казакстандык дандын басымдуу бөлүгүн Кытайдын түндүк-батышындагы провинциялар көп сатып алышат. Бул Гансу, Шэнси провинциялары, ички Монголия жана башка провинциялар.

БЯНЬ ЮНЦЗУ, КЫТАЙ ЭЛ УНИВЕРСИТЕТИНИН ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Биз Борбор Азиянын көп өлкөлөрүнөн дан импорттойбуз. Кытай өлкөсүнө, айрыкча, Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөр жагат. Даамы жагынан же сапат жагынан алсак да, казакстандык дан жакшы.

Кытайга дан жеткирүүчү аймактар Акмоло, Костанай жана Түндүк Казакстан облустары. Ошондой эле, быйылкы жылы Кытай өлкөсүнө экспорттоло турган дандуу өсүмдүктөрдүн катарын арпа жана жүгөрү толуктайт.

ТИМУР МЕҢДИГАЛИЕВ, «АЗЫК-ТҮЛҮК КЕЛИШИМ» КОРПОРАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Кытайга экспорттоло турган казакстандык ундун көлөмү өсүп жатат. Табигый таза өнүмгө суроо-талап жакшы. Кытай эли ун өнүмдөрүн көп пайдаланат.

Казакстандык данга кызыктар болгон дагы бир рынок – Грузия. Бул өлкө ата мекендик буудайдын ири көлөмүн сатып алууга даяр.

ЛЕВАН СИЛАГАВА, БУУДАЙ ЖАНА НАН ӨНҮМДӨРҮН ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Казакстан менен Грузия өтө тыгыз байланышта. Ортодогу соода-сатык жакшы. Биз акыркы үч айда Казакстандан 40 миң тонна дан алдык. Келечекте бул көлөмдү жогорулатууну көздөп жатабыз.

ВАХО ЧАРАЯ, СЕРЕПЧИ:

- Орусиядан көбүнчө орто сорттогу өнүм жеткирилет. Бул нандын сапаты менен баасына да таасир берет. Казакстан бийлиги дыйкандарга дан ташуу маселесине жардам берсе, анда Грузия Орусиялык буудайдан көрө казакстандык өнүмдү алууга даяр. Анткени сапаты алда канча жогору.

Казакстандык буудайды өткөрүү географиясы абдан маштабдуу. Мисалы, Костанай облусундагы өнүм өндүрүүчүлөрдөн 2019-жылы унду сатып алгандардын катарында Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Иран өлкөлөрү бар. Бул өлкөлөргө аймактан 77 миң тонна ун жөнөткөн Костанай облусунун ун өндүрүүчүлөрү 24 чет өлкөлүк багытка өнүм жөнөтөт.

НУРСУЛТАН КАБДЕЛОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН БАШАРКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ АДИСИ:

- Ун жеткириле турган негизги рыноктор – Ооганстан, Өзбекстан. Өнүмдүн жарымынан көбүн ушул өлкөлөр алат. Жакында Израиль, Бангладеш, Финляндияга багыт алат. Былтыр Испания, Норвегия, Тунис, Латвия, Египет, Украинага жибердик.

Аны менен катар, казакстандык дан Түштүк – Чыгыш Азия өлкөлөрүнө да жөнөтүлөт. Өткөн жылы Вьетнамга 30 миң тонна буудай сатылды. Азыр казакстандык тармактык мекеме бул көлөмдү жогорулатуу үчүн жигердүү иш-чараларды аткарып жатат.

Фото: 24.kz