Тажикстандын банк жана инвестиция тармагындагы реформалары

Тажикстандын банк жана инвестиция тармагындагы реформалары

Жаңы реформалар Тажикстандагы укуктук жана экономикалык – инвестициялык чөйрөнү жакшыртат. Серепчилердин айтымында, мыйзамга киргизилген толуктоолор чакан жана орто бизнести каржылоону эффективдүү кылат. Мындан башка, жаңы өзгөртүүлөр инвестициялык капиталды коргоого да оң таасирин тийгизет, дешет алар. «Кыймылсыз мүлктү кепилге коюу боюнча» мыйзамга киргизилген толуктоолордун аркасында насыя берүүчү уюмдар насыялык камтуу катары кыймылсыз мүлк гана эмес, курал-жабдыктар, дебитордук карыз, товар-кампа фонду, интеллектуалдык жеке-менчик да кабыл алат.

НАРГИС  ПОЧОЕВА, СЕРЕПЧИ:

- Өкмөт бардык министрликтер жана мекемелерге келишимдерге кол коюунун мыйзамдык негиздемесин караштырууну тапшырды. Анын аркасында чакан жана орто бизнес субъекттеринде каржылык колдоо алда канча жеткиликтүү боло түшөт. Ушундай шарттарда, азыркы тапта 8 нормативдик – укуктук документке өзгөртүү киргизилип жатат. Алардын аркасында кепилдик боюнча Мыйзам менен Жарандык кодекс да бар. Үчтүн айында электрондук салык реестри ишке кошулду.

Фото: votpusk.ru