Костанай облусунда жылкы чарбачылыгы өнүгүп жатат

Костанай облусунда жылкы чарбачылыгы өнүгүп жатат

Костанай облусундагы жылкы өстүрө турган чарбачылык экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөп жатат. Быйыл эт менен кымыз Орусия жана Кытай рыногуна багыт алат. Щербаков айылындагы чарбачылык өз жумушун 2006-жылы 50 баш жылкы менен баштаган. Ал эми азыр Камбар ата тукумунун саны 700дөн ашып, асыл тукумдуу мал өстүрө турган чарбачылыкка айланды. 10 миң гектардай жайыт жери бар. Ушуга кошо аймактагы эң ири санаторийге жакын жайгашкан. Эти, кымызы өтүмдүү. Жайында эс алуучулар атайын келип, дарылык касиети мол жылкы этин жеп, улуттук суусундукту ичишет.

АМИРБЕК ЫСМАЙЫЛОВ, ЖЫЛКЫ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз борго байлоо аянтын курдук. Тоңдурулган этти экспортко жөнөтөбүз. Күнүнө 4 тоннанын тегерегинде, ал эми айына 120 тонна жөнөтө алабыз. Өткөн жылдын жаз айларынан баштап кымыз менен да иштей баштадык. 30-40 бээ саайбыз. Бизде кымыз чыгаруу цехи бар.

Чарбачылыкта 500 баш жылкыга ылайыкташкан борго байлоо аянты бар. Ошентсе да кээ бир мал Карбалык районундагы биринчи деңгээлдеги аянтта семиртилет.

ЕРЖАН САМИДОСОВ, АЛТЫНСАРИН РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Көптөгөн чарбачылыктар тапшырып жатышат. Анткени өкмөт тарабынан алгылыктуу колдоо бар. Малдын тирүү салмагы үчүн жакшы акча төлөнөт. Мындан сырткары, «Сыбага» программасында айтылгандай, чет өлкөдөн алып келинген малга субсидия бөлүнөт.

Жылкы, уй, кой өстүрүүнү тандагандар «Еңбек» программасындагы эффективдүү шарттарды пайдалана алышат. мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө быйыл 3 миллиард теңге бөлүндү. Ишкердик ачууда бир катар жеңилдиктер орнотулуп, кепилдик жагынан чектөөлөр жоюлду.

МАРАТ САЛЫКБАЕВ, АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН КАРЖЫЛАЙ КОЛДОО ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

- Өз ишин баштап жаткан ишкерлерге 85 пайыздык жеңилдик берилет. Ал эми иштеп жаткан ишкерлерге 50 пайыздык кепилдик беребиз. Экинчиден, кепилдик алынып жаткан жаныбарлар жана техникага да каралган.

Тобыл аймагынын чарбаларына быйыл «Сыбага» программасы менен 900гө жакын насыя берилет.

Фото: jasqazaq.kz