Казакстандын кеме менен жүк ташуусу өстү

Казакстандын кеме менен жүк ташуусу өстү

Казакстандын кеме менен жүк ташуусу өстү. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы «Кеме мамилеси тууралуу өкмөт аралык келишим» ушундай теңдешсиз мүмкүнчүлүк берип жатат. Документ бештик мамлекеттерине кеме менен жүк ташууга уруксат алуу убакытын кыскартат. Ал үчүн азыр ташууларды ишке ашыра турган ата мекендик компаниялардын тизмеси түзүлүп жатат.

ЖАСУЛАН КЕРИМБАЕВ, КР ИИӨМ УНАА КОМИТЕТИНИН БАШКЫ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр Орусиянын мамлекеттик органдарын казакстандык кемелердин өтүүсү боюнча кабарлап, уруксат алуу жетиштүү. Ушул мезгилден тарта экспортчулар үчүн аталган өлкөнүн ички суулары менен жүк жеткирүүгө 10 күнү болот. Чын куран айынын бирине чейин биз Орусияга экспортчу компаниялардын тизмесин беришибиз керек. Мурда ар бир компания уруксат алуу үчүн өздөрү кайрылышчу.

Казакстан азыр да Орусия аркылуу Кара жана Жер ортолук деңиздерге чыгып жатат. Алдыдагы максат – ташуу көлөмүн жогорулатуу. Мисалы, былтыр ушул деңиздер аркылуу 55 миң тонна жүк жеткирилген. Эми кеме каттамдары тууралуу келишим, ташуу көлөмүн 350 миң тоннага чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Иртыш дарыясынын жээгиндеги жүк жүгүртүүсү 2018-жылы болжол менен 262 миң тоннаны түзөт. 2023-жылга карай бул көрсөткүч 1 миллион тоннага чейин жетиши керек. Бул ташуу менен алектене турган ата мекендик компанияларга да пайдалуу.

АЛТЫНАЙ УАЛИЕВА, УЛУТТУК КОМПАНИЯНЫН ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Келишим ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жеңилдиктерди ушул биримдикке мүчө мамлекеттерге да жеткиликтүү кылды. Тагыраак айтканда, техникалык жана порт кызматтары боюнча жеңилдиктер каралган. Мисалы, Орусия аймагына жүк жеткире турган ата мекендик ташуучулар ал жердеги компаниялар сыяктуу бирдей порт алымдарын төлөйт. Мурда мындай болгон эмес. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөбүздө кеме каттамын өнүктүрүү үчүн керектүү инфраструктура түзүлдү. Мыйзамдык багытта ушундай маанилүү келишим орноду. ЕАЭБ тууралуу шарт жана Каспий деңизи тууралуу Конвенция түзүлдү.

Эскерте кетсек, «Кеме байланышы тууралуу өкмөт аралык келишим» документине быйыл бирдин айынын биринде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер кол коюшкан. Эң башкысы колго алынган чаралар биримдикке мүчө мамлекеттердин бардыгына ыңгайлуу. Айрыкча, деңизге чыгууга түз жолу жок Казакстан үчүн эффективдүүлүгү жогору. Натыйжасында жүк ташуу өсөт. Өз кезегинде өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңеет.

Фото: informburo.kz