Казакстандык бизнес Түштүк Корея тажрыйбасын кабыл алат

Казакстандык бизнес Түштүк Корея тажрыйбасын кабыл алат

Казакстандын ишкердикти өнүктүрүү фонду жана Кореянын чакан, орто бизнес корпорациясы кызматташтык тууралуу келишимге кол коёт. Бул тууралуу Сеулдагы жолугушууда айтылды. Тараптар төрт жыл бою биргеликте иштеп келишет. Белгилеп айтканда, кореялык корпорация 2017-жылы Казакстандагы чакан жана орто бизнести колдоо системасын иштеп чыккан. Ушул долбоордун алкагында казакстандык ишкерлер тренингдерге катышып, серепчилердин кеңешин алышты. Жаңы келишим алдыдагы үч жылда бир катар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга жол ачат. Ошондой эле, быйыл бугу айында  өтө турган «Улуттук өнүм» көргөзмөсүнө түштүк кореялык компаниялар катышат.

ДАУЛЕТ АБИЛКАЙЫРОВ, ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Түштүк Кореянын президентинин Казакстанга боло труган сапарынын алкагында ушул өлкөнүн чакан жана орто бизнес корпорациясы менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коёбуз. Кореянын мыкты технологиялык паркы бар. Ошондой эле, жаш ишкерлерди колдоо боюнча стартап-академиясы иштейт. Ошондуктан өнөктөштүк ушул багыт боюнча да өнүктү.

Фото: rybak.kam-kray.ru