Жамбыл облусунун Чу районунда жаңы кант заводу салынат

Жамбыл облусунун Чу районунда жаңы кант заводу салынат

Жамбыл облусунун Чу районунда жаңы кант заводу салынат. Бүгүнкү күндө ушул максатта тиешелүү жер бөлүнүп, долбоордук сметалык документтери даярдалды. Баасы 80 миллиард теңгелик заманбап заводдун курулушуна жумшала турган каржынын үчтөн бир бөлүгүн инвестордон, 70 пайызын экинчи деңгээлдеги банктардан тартуу көздөлгөн. Быйыл техникаларды алуу үчүн республикалык казынадан 25, облустук бюджеттен 10 пайыз субсидия берилет. Ал эми жаңы кант заводу ишке кошулса, күнүнө 8 миң тонна кумшекер өндүрүлөт.

ЕРЛАН КУЛКЕЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН  БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Эгер тамырдуу өсүмдүктөрдүн үлүшү 18 пайыздан жогору болсо, азыр кант заводдору 12 пайыздан өнүм өндүрөт, ал эми азыркы заманбап жаңы жабдыктар менен камсыз кылынган заводдор кант кызылчасынан 15-16 пайызга чейин чыгара алат, бул кант өндүрүүнүн чоң өлчөмүнө жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жалпы быйыл Жамбыл облусунда баасы 115 миллиард теңгелик 23 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Анын 65 миллиард теңгеси чет өлкөлүк инвесторлордун колдоосу менен ишке ашат. Аймакта айрыкча айыл чарбасы, өнөр жай, соода жана туризм тармагына көлөмдүү каржы тартылган. Программалар ишке ашса, ишканалардын өнүмдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга оң таасирин берет.

АРНУР МУХАМЕТЖАНОВ, ОБЛУСТУК ИШКЕРДИК ЖАНА ИИӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Эгерде долбоорлор жигердүү түрдө ишке ашып жаткан тармактар боюнча айта турган болсок, биринчи орунда айыл чарба турат. Ал жакта 2,5 миллиард теңгелик 5 долбоор ишке ашууда. Соода-сатык тармагында бир долбоор бар. Мындан сырткары, кийинки жылы 96 миллиард теңгелик дагы 13 долбоорду ишке ашыруу мерчемделген.

Сүрөт vedmochka.net сайтынан алынды.