2019-жылы Казакстан Иранга 1 миллион тонна буудай жеткирет

2019-жылы Казакстан Иранга 1 миллион тонна буудай жеткирет

Тегеран  Казакстандан буудай сатып алууга кызыктар. Бул максатка жетүү үчүн Казакстан, Орусия жана Ирандын айыл чарба министрликтери үч жактуу меморандумга кол коюшту. Бул документ 5 жылга чейин жарамдуу. Ал Евразиялык экономикалык биримдик менен Иран Ислам республикасынын ортосунда былтыр кол коюлган эркин соода тууралуу келишимди толуктайт. Ирандык ишкерлердин казакстандык жана орусиялык буудайга болгон кызыгуусу жогору. Алар данды иштетип, андан ары өз өнүмдөрүн экспортко чыгарууну көздөйт. 

МОРТЕЗА МИРИ, ТЕГЕРАН ИШКЕРЛЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

- Тегерандын казакстандык буудайга болгон суроо-талабы түшүнүктүү, анткени сапаты жогору. Импорттой турган дандын бир бөлүгүн өз муктаждыктарыбызга пайдаланып, экинчи бөлүгүн иштетип, Ооганстан, Сирия жана Ирак өлкөлөрүнө экспорттоо оюбузда бар. Азыркы тапта жеткирүүлөрдүн көлөмүнө байланыштуу так келишимдер жок. Бирок Иран ишкерлери тарабынан суроо-талап жогору болоору айдан ачык. Анткени коңшу өлкөлөр ун жана данды керектөө боюнча дүйнөдө көч башында турат.

Мындан үч жыл мурун Иран чет өлкөдөн буудай сатып алууга чектөөлөрдү киргизген.  Ага чейин Казакстан менен Орусиядан данды көп өлчөмдө сатып алып келген. Экономисттердин эсеби боюнча, Иран бүгүнкү күндө жылына 12 миллион тонна дан өндүрөт. Бирок өлкөдөгү комбинаттар мындан эки эсе көп буудай иштетүүгө жөндөмдүү. Быйыл Иран Казакстандан бир миллионго жакын дан сатып алууга даяр.

МОХАММАД ВАТАНПУР, ЭКОНОМИСТ:

- Астана менен азыркы келишимибиз мурункуга караганда масштабдуу болот. Биринчиден, бул сапаттуу буудайды Ирандын ички рыногуна жеткирүү. Экинчиден, башка өлкөлөргө транзит менен экспорт каралган. Бул кырдаал Иранга гана эмес, Казакстанга да аймактагы жигердүү экспортчу аталууга шарт түзөт. Ушундай кызматташтык Казакстанга да, Иранга да пайдалуу.

Сүрөт zakon.kz сайтынан алынды.