Казакстан менен Орусия ортосундагы соода көлөмү 2018-жылы 19 миллиард долларга жеткен

Казакстан менен Орусия ортосундагы соода көлөмү 2018-жылы 19 миллиард долларга жеткен

Казакстан менен Орусиянын экономикалык өнөктөштүк интеграциясы жаңы деңгээлге чыкты. Өлкөдөгү Орусия элчиси Алексей Бородавкиндин айтымында, мамлекеттердин ортосундагы эки жактуу соода көлөмү 2018-жылы 19 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүчкө жетүүгө ЕАЭБдин түзүлүшү түрткү берди, дейт элчи. Орусия Казакстандын соода өнөктөштөрүнүн тизмесинде сап башында турат. Тышкы соодада негизинен кошумча салыгы кошулган товарлардын үлүшү басымдуу. Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында иштетүү тармагына Орусия 821 миллион доллар багыттады. Азыркы тапта эки өлкөнүн 6 миңден ашуун биргелешкен ишканасы иштеп жатат.

АЛЕКСЕЙ БОРОДАВКИН, КАЗАКСТАНДАГЫ ОФ ЭЛЧИСИ:

- Биздин Казакстанга багыттаган инвестиция көлөмүбүз 13 жарым миллиард долларга жетти. Ал эми Казакстан болсо, Орусияга 3,5 миллиард доллар көлөмүндөгү каражат салып жатат. Мындан башка, ар бир  үчүнчү биргелешкен казакстандык ишкана орусиялык капиталдын катышуусу менен иштейт. Бул Казакстан менен Орусиянын экономикасынын интеграциялоонун далили боло алат.

Эки өлкөнүн өнөктөштүгүндө мунай-газ тармагы да маанилүү орунга ээ. Орусия тарап Каспий кен жайын өздөштүрүүгө кызыктар. Ошондой эле, газ сапатын жогорулатып, казакстандык мунайды тышкы рынокко ташып, жаңы технологиялык курал-жабдык жеткизет.

АЛЕКСЕЙ БОРОДАВКИН, КАЗАКСТАНДАГЫ ОФ ЭЛЧИСИ:

- Биз Байтерек программасынын алкагында космосту өздөштүрүү боюнча кызматташтыгыбызды өнүктүрүп жатабыз. Биргиликте тынчтык атом, унаа тармактары боюнча иштейбиз. Каспий боюнча Актау саммитинде энергетика, туризм тармактарында да өнөктөштүк планын түзө баштадык. Алдыдагы убакытта бир катар долбоорлорду ишке ашырабыз деп эсептейм. Башка да багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү жолдорун караштырабыз.

Аталган тармактардын катарында билим тармагы да бар. Бул багыттагы  кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип жатат. Орусиялык жогорку окуу жайларында 70 миңге жакын казакстандык билим алып жатат.

Сүрөт ia-centr.ru сайтынан алынды.