Казакстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү өстү

Казакстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү оң жигердүүлүктү көрсөтүп жатат. Өткөн жылдын 11 айынын көрсөткүчтөрү боюнча, ал 12 миллион долларды түздү. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 50 пайызга көп. Казакстандан Арменияга иштетилген өнүмдөр, буудай, кагаз, картон, фармацевтикалык жана химиялык өнүмдөр жөнөтүлөт. Өз учурунда Армения Казакстанга жашылча-жемиштерди, жаңгактарды экспорттойт. Мындан сырткары Армения үчүн Казакстан эң ири рыноктордун катарында.

АГАСИ ПОГОСЯН, ЕРЕВАН ЗЕРГЕРЧИЛИК ЗАВОДУНУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Негизинен биз шакек, сөйкө, чынжырларды сатабыз. Аталган өнүмдөргө суроо-талап жогору болгондуктан жөнөтүлө турган товар түрлөрүн көбөйтүп, өндүрүш кубатын жогорулатып жатабыз. Жакында казак боз үйү сыяктуу жыйнакка тапшырык беришти. Азырынча биз эскиздерди даярдап жатабыз, бирок жакында аларды даярдап, казакстандык кардарга сунуштайбыз.

Армениялыктардын айтымында, эки жактуу соода-сатыктын жанданышына ЕАЭБдин түзүлүшү түрткү болду. Иш алып баруу мурдагыдан жеңил жана пайдалуураак болуп калды, дешет серепчилер.

АРМЕН АВАК АВАКЯН, “АРМЕНИЯ БИЗНЕС” ФОНДУНУН МУРДАГЫ МҮДҮРҮ:

- 2018-жылы биздин экспорттук келишимдерибиздин жалпы көлөмү 6,8 миллиард драмды түздү. Негизинен булар көргөзмөлөргө катышуунун аркасында жеткиликтүү болду. 2017-жылы өсүш 30 пайызга жетти. Биз эки жактуу кызматташуунун тенденциясын байкап жатабыз. Бул жараян мындан ары да уланат деп үмүттөнөбүз. Биздин күтүүлөрүбүз зергерчилик буюмдар, кездемелер, вино, коньяк, шербет, мөмө жана жемиштердин экспорту менен байланыштуу.

Армения рыногу өздүк товарлары менен толуп турганына карабастан, казакстандык товарларды илгерилетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, дешет серепчилер. Экономисттер жогорку суроо-талапка ээ боло турган 43 товарды белгилешти. Алардын катарында химия өнүмдөрү, тамак-аш товарлары, курулуш материалдары жана башка өнүмдөр бар.

ТИМУР УРАЗАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН АРМЕНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Арменияда казакстандык трансформатор, кабель, темир зым, болот прокаты сыяктуу товарларга суроо-талап абдан жогору. Биз бир жылдын ичинде бир нече жолу Арменияда суроо-талапка ээ болгон казакстандык товарлардын тиземесин армениялык ассоциацияларга жиберип турабыз. Белгилей кетсек, оралдык трансформаторлорду бир нече жолу сунуштап гана койбостон, жөнөтүүлөрдү ишке ашырып жатабыз. Алар атаандаштыкка туруктуу. Себеби, орусиялык өнүмгө караганда баасы арзан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан менен Армениянын ортосундагы кызматташтык жигердүү жана туруктуу өнүгүп жатат. Тараптардын ортосунда туруктуулук, ич ара ишенүү жана ачыктуулукка негизделген кызматташтык орногон.

Сүрөт arminfo.info сайтынан алынды.