Украина-Казакстан ишкердик кызматташтыкты жогорулатууга кызыктар

Украина соода өнөр жай палатасы жана «Астана» эл аралык каржы борбору ишкердик кызматташтыкты жогорулатуу тууралуу меморандумга кол койду. Киевде тараптар эки өлкөнүн каржы тармагындагы мамилесин күчөтүү жолдорун бышыктады. Алдыдагы убакытта Казакстан менен Украина инвестициялык багыттагы байланышын бекемдейт. Эскерте кетсек, «Астана» каржы борборунун расмий түрдө ишке кошулганына бир жыл болду. Аймактык хаб дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаны пайдаланып, англис укугу менен заманбап каржы технологияларын колдонот.

ЕРНУР РЫСМАГАМБЕТОВ, «АСТАНА» ЭКБ АКИМЧИЛИГИ» ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- «Астана» эл аралык каржы борборунда 120га жакын компания бар. 2020-жылга чейин биз 500 компанияга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз. Азыркы тапта бизде Украина компаниялары жок.  Украинанын соода жана индустрия палатасы менен келишимге кол койдук. Келишимдин эң негизги мааниси палатада 9 миңге жакын бизнес бар. Каржы технологияны өнүктүрүү тармагында ошол багыттар боюнча карым-катнашты бекемдөөнү мерчемдеп жатабыз.

Ишкердик кызматташтыкты жогорулатуу тууралуу келишимдин алкагында Украинанын бир катар шаарында каржы борбордун «Роуд-шоусу» уюштурулат. Ушундай иш-чара эки өлкөнүн бизнес байланышын бекемдейт, дейт Украина соода-өнөр жай палатасынын  мүдүрү.

ГЕННАДИЙ ЧИЖИКОВ, УКРАИНА СООДА-ӨНӨР ЖАЙЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Роуд-шоунун алкагында Украинанын каржы, банк, камсыздандыруу жана ишкана өкүлдөрү «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алат. Расмий бет ачарды Киев гана эмес Украинанын бир катар ири шаарында өткөрүү мерчемде бар. Андан башка, айти, каржы технология тармагындагы жаш адистер арасында тажрыйба алмашуу маанилүү.

Казакстан тарап Украинанын ишкердик топ өкүлдөрүн быйыл теке айында уюштурула турган «Astana Finance Days» иш-чарасына катышууга чакырды.

Сүрөт kazpravda.kz сайтынан алынды.