Казакстан аймактарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү өстү

Казакстан аймактарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү өстү. Актөбө облусунун ишкерлери өнүмдөрүн негизинен Орусияга жөнөтөт. Башка коңшу өлкөлөр да кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар. Ушул багытта Актөбөдөгү ун жана ун өнүмдөрүн чыгаруучу ишкана алдыдагы убакытта өз өнүмдөрүн Өзбекстан, Түркмөнстан Республикаларына жөнөтөт. Азыр Кытайга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул үчүн завод өндүрүш кубатын жогорулатууга даяр. Бул жерде азыр күнүнө 550 тонна дан иштетилип, ай сайын 1500 тонна ун экспортко чыгарылат.

БЕКНУР БЕИСОВ, ИШКЕР:

- Орусия Федерациясына бардык товарларыбыз өз убагында жеткирилип жатат. Документти жол-жоболоштуруу жана которууда эч кандай тоскоолдук жок. 

АНАР ДАРЖАНОВА, ОБЛУСТУК ИШКЕРЛЕР БАШКРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бүгүнкү күндө чийки заттык гана эмес, аны менен катар даяр материалдар бар. Алар түтүктөр жана рельстер, ошондой эле азык-түлүк өнүмдөрү. Анын ичинде жай айындагы биздин күнөскана өнүмдөрүбүзгө суроо-талап жогорулап жатат.

Костанай облусу болсо былтыркы жылдын 11 айында чет өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүн 2 миллиард 600 миллион доллардан ашырган. Өсүш 50 пайыздын айланасында. Облустагы өнөр жайлык ишканалар жана өндүрүштүк аянттар жүргүнчү вагондорун жана унаа жөнөтүүнү 9 эсе көбөйттү. Аны менен катар, Тобыл аймагынын сүт өнүмдөрү да чет өлкөдө суроо-талапка ээ. Жалпы жергиликтүү компаниялар Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөштөрү менен 1 миллиард долларлык соода жасаган.

МЕЙИРЖАН МЫРЗАЛИЕВ, ОБЛУС АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Костанай облусунун өнүмдөрүнүн 95% Орусия Федерациясына жиберилет. Биздин географиялык жайгашуубуз эффективдүү. Орусиянын үч аймагы менен чектешпиз. 3,2 пайызы Беларуска, Арменияга 0,06%, ошондой эле 2 пайызга жакын өнүм Кыргызстанга жиберилет.

Алматы облусу да экспортко жибере турган товар түрлөрүн көбөйткөн. Балкаш районундагы заводдун өнүмдөрү жакында сыртка жөнөтүлө баштайт. Бүгүнкү күндө өндүрүш очогу Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташтык орноткон. Чакан ишкана жылына 1 миллион даана кап чыгарат. Өндүрүштө колдонула турган чийки зат – жергиликтүү. Келечекте жеткирүү рыногун кеңейтүү мерчемде бар.

МЭЛИС ӨГИЗБАЕВ, ИШКАНА БАШЧЫСЫ:

- Биз өзүбүз күрүч өстүргөндүктөн, кап өндүрүшүн да колго алууну чечтик. Бара-бара жергиликтүү өндүрүүчүлөр, буурчак жана кара күрүчтү иштетүүчүлөр тапшырык бере башташты. Өндүрүштү кеңейттик.

Быйыл Казакстандын чийки заттык эмес экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетет деп мерчемделүүдө. Экспорт географиясы кеңеет. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекет башчысынын кайрылуусунун алкагында алдыдагы 3 жылга 500 миллиард теңге каржы бөлүндү.

Сүрөт 7kun.kz сайтынан алынды.