Казакстан-ЕАЭБ: Товар жүгүртүү 17 миллиард доллардан ашты

Казакстан менен ЕАЭБ ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 17 миллиард доллардан ашты. Бул өткөн жылдын 10 айынын көрсөткүчү. Ал 2017-жылкы ушул мезгил менен салыштырганда 7 пайызга көп. Экспорт 10 пайызга өсүп 5,3 миллиард долларга жетти. Инвестиция да жогорулап 1,2 миллиард АКШ долларын түздү. Мындан башка, биргелешкен ишканалардын саны 70 пайызга өстү. Жалпы Казакстандын ЕАЭБге мүчө болуусу ата мекендик тармактардын инвесторлор үчүн тартымдуулугун жогорулатат, алар өз кезегинде Казакстанда өндүрүштөр өсүп, өз өнүмдөрүн биримдик өлкөлөрүнүн рынокторунда сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул 183,4 миллион керектөөчүсү бар ири рынок. Ал эми мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын жыйынтык көлөмү 1,8 триллион доллар тегерегинде. Ушул жылдан баштап бирдиктүү электроэнергетикалык рынок ишке кошулат. Ал эми 2025-жылы мунай жана мунай өнүмдөрүнүн, газ, каржы жана унаа кызматтарынын бирдиктүү рыноктору түзүлөт.

Сүрөт ia-centr.ru сайтынан алынды.