Казакстандагы айыл чарбанын өнүгүшү

Казакстандагы айыл чарбанын өнүгүшү

Казакстан 2019-жылы бир миллиарддын айланасында тоок жумурткасын экспорттоону пландап жатат. Бул өнүмдү 2 эсеге көбөйтүп, жаңы рынокторго чыгуу дегенди билдирет. Астана шаарында өткөн Айыл чарба министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген отурумунда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. 2018-жылы эттин экспорту 20 миң тоннага жеткен болсо, ушул жылы республика бул көрсөткүчтү жок дегенде 30 миңге чейин көбөйтүүнү көздөөдө. Айыл чарба министрлиги эттин башка түрлөрүнүн экспортун жакшыртууга убада берип жатат.

АРМАН ЕВНИЕВ, КР АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН БИРИНЧИ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биздин чочко багуучулар Кытайдын рыногуп ачып берүүбүздү суранып жатышат. Ошондо аларга эч кандай субсидиянын кереги жок экенин айтышууда. Алар жылына 10 миң тоннанын айланасында экспорт кыла алышарын кошумчалашты. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн биргеликте аракет кылабыз. Күрп этине Москва, Санкт-Петербург, жалпы эле Орусия Федерациясында суроо-талап жогору.

Айыл чарба министрлиги ушул жана башка маанилүү маселелерди чечүүгө даяр. Мисалы, агро илимди республика боюнча билимди тарата турган борборлорду салуу аркылуу өнүктүрүү. Серепчилердин айтымында, дал ошол борборлор илим, билим берүү жана агро бизнестин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү болот.

АНДРЕЙ АГЕЕНКО, “КАЗАК ЖЕР ИШТЕТҮҮ ЖАНА ӨСҮМДҮК ӨСТҮРҮҮ ИИИ” ЖЧШнын БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Алдыдагы беш жыл ичинде 50-60 чакырымдын айланасындагы райондо өзүнүн борбору болушун камсыздашыбыз керек. Ошондо гана дыйкандар кандайдыр бир жаңы технологияны көрүш үчүн сааттап, керек болсо күндөп башка борборлорго барбай, өздөрүнүн аймагындагы райондук борборго баш багып, ушул аймактагы келечектүү өсүмдүктөр жана жаңы технологиялар менен жакындан тааныша алат. Мындан сырткары алар сугат иштерине тиешелүү болгон инновациялык усулдар жана эмгекти уюштуруу боюнча маалыматтарга ээ болушат.

Айыл чарбасын жигердүү өнүктүрүү үчүн дасыккан илимий кадрлар керек. Тармактык мекеме агро илимдин түзүмүн дүйнөлүк тажрыйбага ылайыкташтырууну көздөп жатат. Жакынкы арада үч жүз жаш чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларына билимин жогорулатуу үчүн багыт алышат. Алар агро өнөр жай комплекс тармагындагы алдыңкы билимдерди алып, Казакстанда тажрыйба жүргүзүшөт. 

АНДРЕЙ АГЕЕНКО, “КАЗАК ЖЕР ИШТЕТҮҮ ЖАНА ӨСҮМДҮК ӨСТҮРҮҮ ИИИ” ЖЧШнын БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Жалпы тарыхтагы так мисалдарга көз чаптырсак болот. Бразилия, Аргентина сыяктуу өлкөлөр өз учурунда илимди жогорулатуу максатында докторанттарды, жаш окумуштууларды көп санда АКШга окууга жөнөтүшкөн. Алар аталган жерде өз билимин жогорулатып, ошол аймактагы изилдөө борборлорунда иш алып барышкан жана өз өлкөлөрүнө кайткан мезгилде айыл чарба тармагында пайда болгон көйгөйлөрдү дароо чечкен дасыккан адис болуп чыга келишкен.

Бүгүнкү күндө айыл чарба Казакстан экономикасынын жаңы драйвери катары каралууда. Эскерте кетсек, өлкө 2022-жылга чейин эмгек өндүрүшүнүн жана иштетилген айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорт көлөмүн 2,5 эсе көбөйтүүнү көздөп жатат.