2018-жылы Казакстандын экспорт көлөмү 50 миллиард доллардан ашты

2018-жылы Казакстандын экспорт көлөмү 50 миллиард доллардан ашты

Казакстан экспорт көлөмүн көбөйттү. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 11 айында ал 55 миллиард долларга жакындады. 2017-жыл менен салыштырганда бул 24 пайызга көп. Аны менен катар, кайра иштетүү өнүмдөрүнүн экспорту 14 миллиард доллардан ашты. Бүгүнкү күнү мамлекет экспорттоочуларга каржылык жана тейлөө колдоосун көрсөтүп келет. Өткөн жылы чет өлкөдө 50дөн ашуун иш-чара өттү. Чет өлкөлүк көргөзмөлөрдө жана соода миссияларында казакстандык экспорттоочулардын катышуусу 100дөн ашуун келишимге кол коюуга мүмкүнчүлүк берди.

ЖЕҢИС КАСЫМБЕК, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- 2018-жылы казакстандык өнүм 119 өлкөгө экспорттолду. Алдыдагы үч жылда Өлкө башчысынын тапшырмасы менен ушул тармакка 500 миллиард теңге бөлүнүп жатат. Бул бир гана чийки заттык эмес экспортту өнүктүрүүгө багытталган. 2021-жылга карай өндүрүүчү өнөр жай өнүмдөрдүн экспортун 720 миллиард теңгеге чейин, экспорттоочулардын санын 411ден 600 субъектке чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Бүгүнкү күндө Казакстан 800гө жакын товар түрүн экспорттойт. Аны менен катар, чет өлкөгө чыгарыла турган товарлар да жылына орто эсеп менен 5-8 түргө көбөйүп жатат. Тышкы рыноктордо мунай, газ жана металл гана эмес, аны менен катар пластмасса буюмдары, токума материалдар, унаа куралдары жана жабдыктар, өнөр жайлык комплексинин өнүмдөрү суроо-талапка ээ. 2018-жылы Казакстан Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна бал жөнөттү, аны менен катар казакстандык балмуздак биринчи жолу Кытайга жөнөтүлдү.